БУЙРУК

Буйрук башкаруу практикасында көп пайдаланылган буйрукчул документ
болуп саналат. Буйрук башкы маселелерге байланыштуу мисалы: мекеме, уюм,
ишканалардын ички маселелери боюнча, мекеменин же анын ички түзүмдөрүн
өзгөртүү, жоюу же кайра түзүү маселелери боюнча, нускама, жобо, эрежелерди ж.б.
бекитүү маселелери боюнча, ошондой эле кадрлар маселеси (кабыл алуу, которуу,
бошотуу ж.б.) боюнча чыгарылат. Буйрукта жогортон келген, жетекчилер тарабынан чыгарылган жана аткарууга милдеттүү болгон ар түрдүү көрсөтмөлөр, ишчаралар боюнча маалымат тийиштүү же жооптуу кызматкерлерге жеткирилет.
Буйруктарды үч топко бөлүштүрүп кароого болот:
1. Уюштуруу (административдик-чарбалык) маселелери боюнча буйрук
мекеме, уюм, ишкананын түзүлүшү, жоюлушу, кайра түзүлүүсү, жамааттык кеңеш, комитеттерди түзүүдө, башкаруу, уюштуруу түзүмдѳрүн бекиткенде ж.б. учурларда чыгарылат.
2. Негизги (өндүрүштүк) ишмердүүлүк боюнча буйрук уюмдун ишмердигин каржылоо тартибин камсыздоо, эффективдүү иш үчүн материал,
жабдык менен камсыздоо, илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө,
сапаттуу продукция өндүрүүгө ж.б. багытталган маселелер боюнча чыгарылат.
3. Өздүк курам (кадр) боюнча буйрук кызматкерлердин иштен кетүүсү, кабыл алынуусу, бир орундан экинчи орунга жылуусу, эмгек өргүүсүнө кетүү,
келүү, сыйлаганда же кайсы бир орунсуз жоругуна баа берилгенде ж.б. жагдайларга карата чыгарылат.
Мамлекеттик маанидеги буйруктарды мамлекет башчысы – Президент же
өкмөт башчысы чыгарат жана ал массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат.
Алар тийиштүү мекемелер, министрликтер, уюмдар тарабынан жетекчиликке
алынып, бүткүл калктын эсине салынат.
Көп учурда кызматкер өзүнө тиешеси бар буйруктун көчүрмөсүн талап кылат.
Аны басма жүзүндө даярдап, буйруктун кайрылган киши сураган бөлүгүн толук
көрсөтүү керек. Берилген кагазда «Көчүрмө анык» деген кеңсе кызматкеринин.

 

ҮЛГҮ:

 

№ 45 БУЙРУК
Кадрлардын өздүк курамы боюнча
Г. Бекбоева жѳнүндѳ

Бекбоева Гүлжан Карыпбаевна ээлеген кызматынан бошотулуп, 2006-жылдын
10-октябрынан штаттык тизимге ылайык айлык акы менен окуу-инспекция
бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалсын.
Негизи: Г. Бекбоеванын арызы.

Ректор (колу) А. С. Алымов