БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ

БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок ш-нан 15 км түштүкбатышында, Дөңарык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архитектуралык мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана ш. деп илимге киргизилген. Жазма ж-а археол. булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-к.) жа М.Кашгаринин (12-к.) эмгектеринде эскертилген Баласагун ш. м-н салыштырышат. Бул шаардын экинчи аты – Куз-Ордо. Шаар алгач Бурана суусунун оң өйүзүндө негизделип, шаар башкаруучулары үчүн коргондолгон борб. сепил (цитадель) курулган. Аны шаардыктардын жыш жайгашкан турак жайлары ж-а курулуш имараттары, ички шаар-шахристан курчап турган. Сепил ж-а шахристан сыртынан бекемделген төрт чарчы сымал дубалдар м-н чындалган. Дубалдардын уз. түндүк ж-а батыш тарабынан 570 м, түштүгү 600 м, чыгышы 500 м узундукта болуп, дубалга кароол мунаралары жайгашкан. Шахристанга ж-а сепилге батыш дубалда жайгашкан дарбаза аркылуу киришкен. Шахристандын айланасына кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, дыйкандардын ж.б. калктын турак-жайлары, имараттары жайгашып, сырткы шаар-рабат өсүп чыккан. Шаардын айланасы сыртынан уз. 15 кмге созулган кош жал м-н бекемделип, айланасына чуңкур казылган. Шахристандын аймагында аянты 100х100 м, бийиктиги 10 м келген дөбө ураандысында 10–12-к-га мүнөздүү дөөлө-ттүү адамдын турак-жайы ачылган. 13–14-к-га да мүнөздүү мүрзөлөр табылган. О.эле шаар аймактарында төрт архитектуралык мавзолей, мечит, чиркөө, мончо ж.б. курулуштар белгилүү. Курулуштарга бышкан кыш колдонулган. Шаар калкы чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу м-н камсыз болгон.   47 Шахристандын түштүк-чыгышында бийиктиги 24 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 м келген мунара сакталып калган. Ал бышкан кыштан курулуп, сыртына оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолуп жасалган. Ичинде төбөсүн карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. О.эле шахристандын ж-а рабаттын аянттарында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин устаканалары, карапа ж-а кыш бышыруучу, металл иштетүүчү мештер ачылган. Шаарда базар жайгашып, тыйын чыгаруучу жайлар болгон.