ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд үчүн көбү басыла элек нечендеген түп нуска даректердин үстүндө чындап талыкпай иштөөнүн жылдары болуп калды, аларды үйрөнүүнүн негизинде ошол жылдары өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан. Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Бирок диссертация жактагандан кийин В. В. Бартольд университет тарабынан жогорку даражага — Чыгыш тарыхынын докторуна татыктуу болгон.

 

1901-жылдан Бартольд—Санкт-Петербург университетинин экстраординардык, ал эми 1906-жылдан ординардык профессору, 1906—1910-жылдарда ал чыгыш тилдер факультетинин катчысы болгон. 1910-ж. аны Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигине, ал эми 1913-ж. (12-октябрда) академиктикке шайлашкан. 1905—1912-жылдары Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмүнүн катчысы, 1908—1912-жылдарда «Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмү жазмаларынын» (ЗВОРАО) редактору болгон. В. В. Бартольд Орус география коому менен да кызматташкан, асыресе И. П. Минаевдин котормосунда коом басып чыгарган Марко Полонун «Саякатынын» редактору болгон. 1912-ж. ал ислам таануу боюнча «Ислам дүйнөсү» илимий журналын түзүү демилгечилеринин бири жана редактору болуп калат. Биринчи том чыккандан кийин В. В. Бартольд ички иштер министри Макаровдун журналды нагыз илимий, объективдүү органдан падышачылыктын улуттук-колониялык саясатынын жарчысына айландыруу талабын кескин четке каккан, ошондуктан редакторлоодон бошотулган. В. В. Бартольд Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн 1903-ж. түзүлгөн орус комитетинин эки катчысынын бири болгон. Комитет иштеген бүткүл мезгил ичинде анын бардык протоколдорун, В. В. Бартольдцун айтканына караганда, жалгыз өзү түзгөн.

 

В. В. Бартольд илимий максаттары менен кол жазма сакталуучу жайларда иштөө үчүн же археологиялык иштерди жүргүзүү үчүн далай жолу Орто Азияга келген; алсак, В. В. Бартольд 1893—1894-жылдары Санкт-Петербург университети менен Илимдер академиясынан, 1902-ж. Санкт-Петербург университетинен Орто Азияга, 1904-ж., ошондой эле 1916-ж. Орус комитетинен Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн Самарканда казууларды жүргүзүү максатында Орто Азияга барган. «Орто Азияны кыдыруулардын бардыгынан, — деп жазат В. В. Бартольд, — өтө олжолуусу 1902-ж. болду, анда менин алдымда кол жазма эстеликтери менен таанышуудан бөлөк милдет болгон эмес. Чыгыш тарыхы жаатында али эч ким пайдалана элек материалдын молдугунан улам, кол жазмаларды окуган учурда көбүнчө эски шаарлар орун алган жерлерде казууларды жүргүзүп, жаңы дүйнөнү ачкан пионердин ыракатындай кумарга батасың». В. В. Бартольд 1900- жана 1908-жылдары Кавказда (Ани) да илимий командировкаларда болгон. В. В. Бартольд чет өлкөлөргө дамамат каттаган: 1895-ж. (Париж, Лондон, Оксфорд, Голландия), 1898-ж. (Германия), 1905-ж. (Германия, Австрия, Тироль, Швейцария), 1906-ж. (Австрия, Сербия, Болгария, Түркия, Египет), 1908—1909-жылдары (Италияда Неаполго чейин, Будапешт), 1909-ж. (Финляндия), 1911-ж. (Ирландия, Түндүк Америка, Германия, Франция), 1912-жылы (Вена, Тюбинген, Гамбург, Любек), 1913-ж. (Швеция менен Норвегия), 1914-ж. (Швеция, Дания, Англия, Гибралтар, Тулон, Италия, Греция, Болгария, Румыния).

 

В. В. Бартольд ишке аябагандай жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган. Окутуу иштери менен алектенип, илимий коомдор, журналдар менен кызматташса да, ал негизги ишим илим-изилдөө деп эсептеген. Бартольд Иран, Закавказье өлкөлөрүнүн, араб өлкөлөрүнүн, түрк элдеринин, моңголдордун тарыхын аркалап, ислам таануу жагында иштеген, бирок ал Орто Азия тарыхы жаатында баарынан көп иштерди аткарган. В. В. Бартольд өзүнөн мурункулар — В. В. Григорьев менен Н. И. Веселовский баштаган Орто Азия тарыхын изилдөө салтын уланткан. Орто Азияда В. В. Бартольд край таануучулар менен байланышып, археология ышкыбоздорунун Түркстан ийриминин ишине (1895—1917-жылдар) катышып, «Туркестанские Ведомости», «Окраина», «Русский Туркестан» жана башка жергиликтүү басма органдарында кызматташып, кең-кесири илимий-коомдук ишмердик жүргүзгөн. В. В. Бартольддун илим-изилдөө ишмердиги өтө ыкчам өнүккөн. XX кылымдын экинчи он жылдыгында эле В. В. Бартольд Чыгыштын орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдө алдыңкы орундарда болуп, бизде жана чет өлкөлөрдө таанымал, белгилүү окумуштуу болуп эсептелип калат.

 

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольддун илимий-коомдук жана илимий-уюштуруучулук ишмердиги өтө кеңири кулач жайган. Ал Илимдер академиясынын чыгыш таануучулар Коллегиясынын  туруктуу төрагасы болгон. Ташкенде Орто Азия мамлекеттик университетин уюштуруу боюнча даярдык иштерине катышкан бүткүл чыгыш таануучуларды (1918-жылдан баштап) бириктирген В. В. Радлов атындагы ийримдин жетекчиси, андан кийин Түркология кабинетинин жетекчиси (1928—1930-жылдары), материалдык маданият тарыхынын Мамлекеттик Академиясынын (ГАИМК) тең төрагасы, «Иран» илимий журналынын жана Илимдер Академиясынын башка басылыштарынын редактору болгон. В. В. Бартольд Советтик Чыгыш республикаларында Чыгыш тарыхы кафедрасын, илимий китепканаларды, кол жазма сактоочу жайларды жана музейлерди түзүү боюнча Совет өкмөтүнүн далай тапшырмасын аткарган. 1920-жылдарда В. В. Бартольд кайрадан түзүлгөн Ленинград чыгыш тилдер институтуңда жана Ленинграддын башка жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердигин да уланткан. В. В. Бартольд 1920,1927—1928-жылдары Орто Азияга илимий кыдырууларды жасаган. Ал жергиликтүү уюмдардын чакыруусу боюнча Москванын, Бакунун (1924) жана Ташкендин (1925-жана 1927-жылдар) университеттеринде дарс окуу үчүн барган. 1925-ж. В. В. Бартольд Ташкенде, Самарканда, Бухарада жана Шахрисиябзда, 1927-ж. Ташкенде, Бухарада жана Хивада болгон. 1926-жылдын мартында В. В. Бартольд Бакудагы I Бүткүл союздук түркология съездинин ишине катышкан. 1926-ж. Ташкенде анын доктордук диссертация коргогондугунун 25 жылдыгы27 менен окутуучулук ишмердигинин 30 жылдыгы (1896—1926) белгиленген жана В. В. Бартольддун ушул жылдардын аралыгындагы илимий чыгармачылыгынын жыйынтыгын чыгаруу аракети жасалган.

Революциядан кийин В. В. Бартольд чет өлкөлөрдө да: 1917-ж. (Финляндия), 1922—23-жылдары (Финляндия, Оксфорд Лондон, Бельгия, Голландия, Германия) болгон. 1923-ж. В. В. Бартольд Россия академиясынын делегаты катары Брюсселде Тарыхчылардын эл аралык конгрессинин ишине катышкан. Ал Лондондогу King’s College окуу жайында түрктөр менен моңголдордун тарыхы боюнча дарс окуган, ошоңдо эле В. В. Бартольд X. А. Р. Гибб менен бирдикте «Түркстан моңгол чабуулу доорунда» деген капиталдык эмгегинин англисче басылышын даярдаган. 1926-ж. ал Стамбулда дарс окуш үчүн түрк өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түркияга, 1929-ж. Германияга (Берлин, Гамбург, Геттинген) барган.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольд изилдөө иштерин мурдагыдай эле ыкчам жүргүзгөн. Капиталдык илимий эмгектеринен тышкары В. В. Бартольд бир катар илимий-популярдуу эмгектерин: «Ислам», «Мусулман маданияты» (экөө тең — 1918), «Түркстан тарыхы» (1922), «Түркстандын маданий турмушунун тарыхы» (1927), ошондой эле ал кезде дээрлик иштелбеген тажиктердин (1925), кыргыздардын (1927), түркмөндөрдүн (1929) тарыхы боюнча очерктерди жарыялаган. Бул эмгектер ушул элдердин тарыхын изилдөөдөгү жаңы этаптын ачылышы болгон. В. В. Бартольддун илимий-популярдуу эмгектери тууралуу академик И. Ю. Крачковский минтип жазган: «Негизи боюнча популярдуу болсо да, алар адистер үчүн да көп нерселерди берген, анткени илимде жетишкен тыянактары гана жалпылаштырылбастан, автордун өзүнүн изилдөөлөрүндө…табылган маанилүү натыйжалар менен да тааныштырган». 1882—1930-жылдардын аралыгында бардыгы болуп В. В. Бартольддун 400дөн ашуун илимий иштери басмадан чыккан. Бир нече эмгектери анын көзү өткөндөн кийин жарыяланды. Анын эмгектеринин көпчүлүгү чет тилдерге (асыресе түрк, перс, араб) которулган жана чет өлкөлөрдө басылып чыккан. В. В. Бартольд «Ислам энциклопедиясына» 246 макала киргизип, анын өнүмдүү кызматкеринен болгон.

 

В. В. Бартольддун өмүрүнүн соңку жылдары анын сүйүктүү жубайы Мария Алексеевнанын36 1928-ж. майда күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы менен кайгылуу болгон. В. В. Бартольддун жеке турмушу аны менен ажырагыс байланышкан (алардын балдары болгон эмес).  Ал жубайынан ажырагандан кийин көп жашабады.   В. В. Бартольд 1930-ж. 19-августта 61 жашка караган курагында Ленинградга жакын санаторийде (бөйрөк оорусунан) дүйнөдөн кайтты. Ал Ленинграддагы Смоленск көрүстөнүндө аялы менен бир мүрзөгө коюлган.