Өзүнүн негизинде тигил же бул уруунун, же уруулардын тобунун, же бүтүндөй бир элдин генеалогиясын камтыган элдик уламыштар фольклордукэтнографиялык иликтөөлөр үчүн бай материалды бере алат. А. Н. Бернштам туура белгилегендей, генеалогия «тарыхтын алда канча стабилдүү булактарынын бири». Бул жобо өз учурунда
Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл
Минусин коргон маданиятынын аякташы менен Енисейлик коомдоштуктардын тарыхый өнүгүшүнүн жаңы этабы башталат. Минусин коргон маданиятынын көрүстөндөрүндө чагылдырылган мүлк жагындагы теңсиздиктин күчөшү, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана колодон куюп, буюм жасоого адистешкен кол өнөрчүлөрдүн бөлүнүп чыгышы, алмашуунун өнүгүшү — мына ушулардын бардыгы