ЖАҢЫ ФИЛОСОФТОР

ЖАҢЫ ФИЛОСОФТОР — 1976-1979-жылдары Франциядагы идеологиялык ж-а көз караштык талаш- тартыштарды авансценага алып чыккан философтор м-н публицисттердин тобу. Өз китептеринде ж-а радиодо берилген сөздөрүндө жаш интеллектуалдар 1968-жылдын май айындагы «жаштар революциясынын» мурдагы активисттери (А. Глюксман, Б. А. Леви, Ж. П. Долле, К. Жамбе, Г. Лярдро ж. б.) «революциячыл мифтерден» көңүлдөрү калгандыгын айтып чыгышкан. Мурда алар Маркстын, Мао-Цздун ж-а Маркузенин идеялары м-н ураандарын кандай жогору тутушса, эми алар революциячык окуулардын «күрөшчүл кретинизминен» ошончолук түрдө баш тартып, «Маркс өлдү», «Марксизм эл үчүн баш айланткан апийим» ж. б. ураандарды көтөрө башташкан. Алар классикалык европалык философиядагы жаратылыштын, коомдун, ой жүгүртүүнүн объективдүү мыйзамдарын таанып билүү ж-а «дүйнөнү акыл-эстүү негизде өзгөртүп түзүү» тууралуу фундаменталдуу абалдар сыяктуу революциячыл теориялардын философиялык негиздерин сынга алышкан. «Мырза ойчулдар» («господа мыслители») деп аталган китепте Г люксман немец философиясындагы адамга эбегейсиз зор эркиндикти берүүнү убада кылуу м-н аны зарылчылыктын, мыйзамдын ж-а мамлекеттин «кыңк» этпес кулуна айланткан Фихте, Г егель, Маркс ж-а Ницще өңдүү төрт чыгаан ойчулду айырмалаган. Ошондуктан алардын философиясы өз маңызы б-ча «революциячыл илими, үстөмдүк кылуунун илими, башкаруунун илими» болуп саналат. Классикалык философияны радикалдуу мүнөздө сындоо м-н Ж. ф. постклассикалык ой жүгүртүүнүн негизги тенденцияларын, өзгөчө феномонологиянын, структурализмдин ж-а психоанализдин методдорун андан ары өнүктүрүшкөн. Учурдагы диний ойчул М. Клавель (1920-1979) бекер жеринен Жамбенин, Лярдронун ж-а Глюксмандын китептерин жалындуу пикирлер м-н колдобосо керек. Анткени, ал бул китептерден «өз маңызы б-ча атеисттик окуу» болуп саналган бүтүндөй метафизиканы, бүтүндөй классикалык философияны «радикалдуу түрдө деструкциялап», диний окууга кайрадан кайрылуунун мүмкүнчүлүгүн көргөн. 80-жылдардын аягында көптөгөн Ж. ф. теориялык иштен четтеп кеткени м-н алар тарабынан жасалган Франциядагы интеллектуалдык төңкөрүш, алардын солчул идеялары университеттин жаштары м-н профессураны жандандырып, европалык континенттин рухий турмушуна зор таасир тийгизген.