ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТТЫН ШАРТЫНДАГЫ ӨНӨР ЖАЙ

Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстан өлкөнүн башка райондорунан агрардык-мал чарба региону катары айырмаланып турган. Индустриялаштыруу саясаты башталганда Кыргызстанда негизинен пахта тазалоочу, женил жана тамак-аш тармактары боюнча гана аз сандагы ишканалар иштеген.

1925-ж. апрелде Чехословакиянын коммунист жумушчуларыиын демилгеси менен Бишкек шаарында «Интергельпо» («Өз ара жардам») интернационалдык кооперативдик шериктештиги түзүлгөн. Кыргызстандын өкмөтү ага Пишпек станциясынын жанынан 43 га жер бөлүп берген. Алар кыска мөөнөттө эле айына 4 миң терини иштетүүчү завод, сукно фабрикасын, кирпич, тактай заводдорун, электр станциясын, бнр нече мастерскойлорду курушкан. 14 улуттун өкүлдөрүнөн турган бул коллектив республиканын өнөр жайынын өнүгүшүнө, жумушчу адистерди даярдоодо колдорунан келген жардамдарын берген.

Жаны экономикалык саясат кустардык ишканаларга продукция өндүрүүгө жана аны сатууга эркиндик берген. Натыйжада кустардык өнөр жай өсө баштаган. Эгерде 1922-1923-жж. Кыргызстанда 1964 кустардык ишкана болсо, 1925-1926-жж. алардын саны 4525ке жеткен. Аларга женилдиктердин өтө көп берилиши, республикада мамлекеттик ншканалардын дээрлик жокко эсе болушу кустардык өнөр жайдын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. Жай болсо дагы аларды кооперативдештирүү иши жүргөн. 1925-ж. кустарлардын 11 процентин баш коштурган 30 өнөр жай артелдери пайда болгон. 1920-1924-жж. аралыгында майда өнөр жай ишканаларынын дүн продукциясы республика боюнча 41 процентке өскөн. 1925-ж. алар 1914-ж. чейин өндүргөн продукциянын 55 процентин өндүргөн.

Жалпысынан алганда, Кыргызстан агрардык өлкө бойдон кала берген. 1926-ж. республиканын эл чарбасынын дүн продукциясын да өнөр жайдын 2,3 процент гана үлүшү болгон. Демек, калган 97,7 процентин дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өндүргөн. Жаңы социалисттик курулушка өтүү үчүн ири машиналык өнөр жайга өтүү зарыл болгон.

СССРдин өнөр жай өндүрүшү атайын каралбаса да ВКП(б)нын XIV съезди (1925-ж., декабрь) өлкөнү индустриялаштыруу курсун аныктаган. Союздук пландарга ылайык Кыргызстанда да индустриялаштыруу иштери башталып, аны агрардык-индустриялык республнкага айландыруу милдети коюлган. Өнөр жайынын өсүү темпи жалпы союздук деңгээлден жогору белгиленген. Республиканьш техникалыкэкономикалык жактан артта калышын жоюу, жергиликтүү улуттардан жумушчу кадрларды жана инженердик-техникалык интеллигенцняны даярдоо каралган.

Жалпы союздук пландын негизинде иштелип чыккан республнканын биринчи беш жылдык планын 1929-ж. 10декабрында өткөн Кыргыз АССРинин экинчи сессиясы кабыл алган. Аны декабрда РСФСР Эл Комиссарлар Советн, 1930-ж. февралда СССР Эл Комиссарлар Совети бекиткен. Бул план жаны экономикалык саясаттын принциптерине негизделип түзүлгөн.

Бирок мурда капитализмди басып өтпөгөн Кыргызстандын шартында индустриялаштырууну жүзөгө ашыруу өзгөчө оор болгон. Кыргыз калкынын көчмөн турмушта жашашы, феодалдык мамилелердин үстөмдүк кылышы, социалисттик укладдын начарлыгы, калктын туташ сабатсыздыгы, тап душмандарынын каршылыгы бул саясатты турмушка ашырууда залакасын тийгизген. Индустриялаштыруунун башталышында Кыргызстанда негизинен айыл чарбасынын продукцияларын иштетүүчү, т. а. пахта, тери иштетүүчү, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы өнүккөн.

1926-ж. Кыргызстанда 20 мамлекеттик ишканалар иштеген. Мындан тышкары шаарларда жана айыл-кыштактарда көптөгөн майда жеке менчик ишканалары жана кустардык мекемелер болгон.

Совет өкмөтү 1926-1927-жж. Кыргызстандын өнөр жайы үчүн 3 млн рубль бөлүп, андян тышкары Мамлекеттик банк тарабынан көп жылга кредиттер берилген. Натыйжада 1926-ж. сок чыгаруучу завод, 1927-ж. тери заводу, «Интергелыгонун”сукно фабрикасы, 1928-ж. Кара-Сууда пахта тазалоочу завод, Оштогу жибек заводу, Бишкекте типография, эки тактай заводу ишке киришкен. 1927-1928-жж. республикада 33 ишкана иштеген, алардын ичинде 14 ири завод, фабрикалар бар эле. 1930-ж. Түркстан-Сибирь жолунун бүтүшү Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Ал Орто Азия менен Казакстанды Сибирь жана Урал менен байланыштырган.

Эмгекчилердин тынымсыз аракетинин жана Совет өкмөтүнүн жардамы менен 1928-ж. Кыргыз АССРинин эл чарбасынын бардык тармактары согушка чейинки деңгээлине өсүн жеткен. Өнөр жайынын өсүшү менен жумушчулардын катары көбөйгөн. 1926-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун маалыматы боюнча Кыргызстанда 16,4 миң жумушчу болуп, алардын 4 миңин гана кыргыздар түзгөн. Кыргыз жумушчуларынын көпчүлүгү айыл-кыштактардагы майда кустардык ишканаларда эмгектенишкен. Кыргызстандагы жумушчулардын 61 проценти таш көмүр кендеринде иштеген. 1926-ж. өнөр жай ишканаларында 8,5 миң кызматкер иштеген, алардын 0,8 мини кыргыздар болгон. Ушул жылы ишканаларда 50 гана инженерлер жана техниктер иштеген. Алардын саны 1927-ж. 240ка, 1928-ж. 508ге жеткен. Бирок Кыргызстанда адис жумушчулар, инженердик-техникалык кызматкерлер өтө жетишсиз болгон.

1930-ж. баштап жаны экономикалык саясаттын принциптери бузулуп, сталиндик административдик-буйрукчул система күчүнө кире баштайт. Бюрократизм күчөп, субъективдүү пландарды таңуулоо, аны аткарууга мажбурлоо ыкмалары күчөгөн. Бул чарбалык эсептин жана акча-товар мамилелеринин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан биринчи беш жылдыкта Кыргызстанда 41 жаны өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Алардын ичинде Бишкектеги металл иштетүүчү механикалык завод, эт комбинаты, Канттагы кант заводу, Кара-Суудагы механикалык-ремонт заводу, эки чон тери заводдору, Фрунзеде ун комбинаты, күрүч тазалоочу завод ж. б. болгон. Мындан тышкары беш кирпнч заводдору, Таласта черепица заводу иштей баштаган. Кара-Балтада жана НовоТроицкийде кант заводдору курула баштап, Оштогу жибек заводу жачыча жабдылган.

Биринчи беш жылдыкта Кыргызстанда 11 чоң жана кичине электрстанциялары иштей баштаган. Булар индустриялаштыруунун өнүгүшүнө өбөлгө болгон. 1932-ж. республнкада 1,5 мин ишкана иштеп, алардын Юбсы ири ишкана болгон. Биринчи беш жылдыкта өнөр жайдын дүң продукциясы 3,5 эсеге өскөн. Өнөр жайынын республиканын эл чарбасындагы үлүшү 23,5 процентке көтөрүлгөн.

1935-ж. январда Кыргыз АССРинин советтеринин IV съезди жалпы союздук планга ылайык эл чарбасын өнүктүрүүнүн экинчи беш жылдык планын кабыл алган. Бул плаи боюнча республиканын өнөр жайына, өзгөчө көмүр казып алууга ири суммадагы калиталдык салымдар бөлүнгөн. Экинчи беш жылдыкта биринчи беш жылдыктан айырмаланып жацы өнөр жай ишканаларын иштетүүгө, аларда жаны технологияларды өздөштүрүүгө көнүл бурулган. 1935-ж. Таш-Көмүр кени ишке киришип, башка көмүр кендери реконструкцияланган жана жаңы механизмдер менен жабдылган. Республикада көмүр казып алуунун көлөмү өскөн. Нефть өндүрүү жолго коюлган. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайында да жаңы жетшпкендиктер камсыз болгон. Ошентип, биринчи жана экинчи беш жылдыкта Кыргызстандын өнөр жайы бир кыйла жогорулаган.

Кыргызстанда өнөр жайы боюнча үчүнчү (1938-1942-жж.) беш жылдыкта белгиленген пландар да негизинен аткарылган. Республикада 40 өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. 1940-ж. өнөр жайы 1937-ж. салыштырмалуу продукцияларды 1,5 эсеге көбүрөөк өндүргөн.  Анын ичинен өзгөчө оор өнөр жайы, түстүү металл, машина куруу, курулуш материалдарын, электр энергиясын өндүрүү тармактары өнүккөн.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор