КАЗЫ
КАЗЫ, к а д и й – мусулман өлкөлөрүндө шарият жолу менен тергөөгө алып, тийиштүү чечим чыгаруучу сот, Орто кылымдарда К. ар кыл документти күбөлөндүрүүнүн (нотариустун) да милдетин аткарган: жетимдерге көз салган же аларга көз салып туруу үчүн адамдарды дайындаган; кылмыш иштери же граждандык иштер боюнча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөгөн. XIX к. жана ХХ к. башында ак сөөктөр сотунун пайда болушуна байланыштуу К. үй-бүлө, диний, мураска калтыруу иштерин кароо менен гана чектелген. К. феодал төбөлдөрүнүн жана падышачылыктын жергиликтүү башкаруучуларынын кызыкчылыгын коргогон.