КЕЛИШИМ

Эки же андан көп тараптын тигил же бул маселе (экономикалык, укуктук
ж.б) боюнча өз ара мамилелерин жөнгө салуучу укуктук документ. Келишим
жарандардын ортосунда, жаран менен уюмдардын ортосунда, мекеме, уюм менен башка мекеме, уюмдардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн.
Келишим түзүүнүн жалпы жоболору КРнын Граждандык, Эмгек жана Административдик кодекстери, КРнын Өкмөтүнүн, министрликтердин, уюмдардын келишимдер боюнча чыгарган жоболору аркылуу жөнгө салынат.
Укуктук багыты боюнча келишим болжолдуу (предварительный) жана анык
(окончательный) болуп бөлүнөт.
Келишим түзгөн тараптардын укук жана милдеттеринин бөлүнүшүнө карай:
1. Бир тараптуу 2. Эки тараптуу
(Биринде укук гана болот. (Эки тараптын тең укук жана Экинчисинде милдет гана болот.) милдеттери болот.) болуп бөлүнөт.
Эмгек кодексине ылайык эмгек келишим бир жолку аткарылуучу ишке, бир
жылга, беш жылга түзүлүшү мүмкүн.
Иштин мүнөзүнө карай келишим ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы: ижара
келишими, кызмат көрсөтүү келишими, жеткирип берүү келишими, эмгек келишими ж.б.
Ошондой эле мамлекеттер, дүйнөлүк уюмдар ортосундагы эл аралык келишимдер болот. Аларда расмийлүүлүктүн белгилери басымдуулук кылат жана ал канча тараптуу болсо, ошончо тилге которулуп, бардыгы бирдей күчкө ээ болот.

 

Үлгү:

 

КЕЛИШИМ
«____» _____________2008-ж. Бишкек ш.
Бир тараптан Ж. Баласагын ат. Кыргыз улуттук университети, мындан ары
«КУУ» деп аталат, ректору ______________________ _______________________
атынан, жана экинчи тараптан Бишкек шаардык Билим берүү
башкармалыгы, мындан ары «Башкармалык» деп аталат, ________________
_______________________ атынан төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди
түздүк.
1. Келишимдин негизи
1.1. «КУУ» «Башкармалыкка» («Башкармалыктын» кызматкерлерине) кыргыз
тилин үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтөт. Угуучулардын саны ____ .
1.2. Угуучулардын тизмеси тиркелет;
www.bizdin.kg
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1.3. Сабак жумасына ______ жолу 2 сааттан (45 мүнөттөн 90 мүн.) өткөрүлөт;
1.4. Жалпы окуу сааты – ______ .
1.5. Сабактар өтүлчү жай: ___________________________________________.
1.6. «КУУ» угуучуларды окуу каражаттары менен камсыздайт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. «КУУнун» милдеттери:
2.1.1. Окуу программасына ылайык толук кызмат көрсөтүү;
2.1.2. Ушул келишимдин 1-бөлүмүндөгү шарттарга ылайык кызмат көрсөтүү;
2.1.3. Келишим боюнча окуу мөөнөтү ичинде курстун акысын өзгөртпөө;
2.1.4. Окуу процессине байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу;
2.1.5. Окуу материалдары менен угуучуларды камсыздоо (таратып берчү
материал, окуу куралдары);
2.1.6. Келишим боюнча милдеттерди аткарбаса, сарпталган каражатты
төлөп берүү;
2.1.7. Курстун акырында сынак алып, анын негизинде сертификат берүү.
2.2. «КУУнун» укуктары:
2.2.1. Курс үчүн төлөмдү алдын ала алат (дароо 3 айга төлөнөт, 3 ай бир
курсту түзөт);
2.2.2. Бир топто алтыдан аз эмес угуучу болот, угуучулардын саны алтыдан
азайган шартта тил үйрөтүүнү токтотот;
2.2.3. Сабактын 25%ын калтырган угуучуну курстан чыгарат.
2.3. «Башкармалыктын» милдеттери жана укуктары:
2.3.1. «КУУга» көрсөткөн кызматы үчүн келишимге ылайык өз убагында
акы төлөөгө;
2.3.2. Угуучулардын сабакка катышуусун курстун аягына чейин камсыздоого
(берилген тизме боюнча);
2.3.3. Сабактардын сапатынын мыкты болушун талап кылууга.
3. Акы төлөө тартиби
3.1. Бир угуучу үчүн, сертификаттын баасын кошкондо, ______________ сом
акы алынат.
3.2. «Башкармалыктын»_______ адисинин жалпы акы төлөмү ___________
(___________________________ ___________) сомду түзөт.
3.3. Акы Келишимдин 2.2.1. бөлүмүнө ылайык 100% (3 айга) алдын ала
төлөнөт. Акы ушул Келишимге кол коюлгандан кийин 10 күндүн ичинде
төлөнүшү керек.
4. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби
4.1. Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар
милдеттерин толук аткарып бүткөнгө чейин күчүндө болот, же тараптардын
макулдашуусуна ылайык мөөнөтүнөн мурун жокко чыгарылышы мүмкүн.
4.2. Эгерде Келишимдин шарттары бир нече жолу бузулган болсо, тараптар
Келишимди мөөнөтүнөн мурун бир тараптуу жокко чыгарышы мүмкүн.
Бул учурда күнөөлүү тарап экинчи тарапка Келишимдин жокко
чыгарылышына байланыштуу кеткен чыгашасын кайтарып бериши керек.
5. Башка шарттар
5.1. Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер мыйзам чегинде
каралып чечилет.
5.2. Келишим эки түп нускада кыргыз тилинде түзүлдү, бири «КУУда»,
экинчиси – «Башкармалыкта» болот.

Ж. Баласагын ат. Кыргыз улуттук Бишкек шаардык
университети Билим берүү башкармалыгы
Дареги Дареги:
Ректор Банк эсеби
Начальник
Датасы/ Колу Датасы/ Колу

Эскертүү!
Тексттеги бөлүнүп көрсөтүлгөн сөз жана сөз айкаштары келишимдин
дээрлик бардык түрлөрүндө учурайт жана ушул иш кагазына мүнөздүү болуп
эсептелет.