КОКОН АВТОНОМИЯСЫ

КОКОН АВТОНОМИЯСЫ – Түркстандагы буржуазиялык-демократиялык өкмөт. 1917-ж. 26–29-ноябрда (9– 11-декабрь) Кокондо өткөн мусулмандардын атайын чакырылган крайлык 4-курултайында жергиликтүү элдердин кызыкчылыгына ылайык Түркстан автономиялык түзүлүшүн жарыялаган. Курултай «Түркстан элдик советин» түзүү ж-дө чечим кабыл алып, автономия өкмөтү түзүлгөн. Төрагасы Тынышпаев, кийинчерээк М. Чокоев болгон. Өкмөт Түрк-стан элдеринин өз алдынчалыкка жетишин ж-а эркин улуттук мамлекет түзүүсүн көз-дөгөн. Анын курамына жергиликтүү калктын өкүлдөрү м-н катар славян улутунун өкүлдөрү да кирген. Мис., Шаги-Ахмедов, Махмудов, Чанышев, Потеляков, Юсупов, Садыкбаев, Уразаев ж.б. өкмөттүн курамында иштеген. Түркстан чөлкөмүндө, айрыкча Фергана өрөөнүндө жергиликтүү калк ж-а орус интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн колдоосуна алынган. К. а-нын органы катары «Свободный Туркестан», «Эл байрак» (казак, кыргыз, өзбек тилдеринде), «Улуг Туркестан» (өзбек тилинде) гезиттери жигердүү иш жүргүзгөн. О. эле Скобелев ш-нда (азыркы Фергана) басылып туруучу «Знамя свободы» гезити да үгүт-насаат иштерине көмөк көрсөткөн. 1918-ж. январда Түркстан жумушчу-дыйкан Советтеринин съезди өтүп, анын катышуучулары К. Анын колдоп чыгышкан. «Шура-и ислам», «Шура-и улема», «Иттифак». «Союз трудящихся-мусульман» уюмдары «Крайлык мусулман жумушчулар союзуна» биригишкен. Кокондо түзүлгөн жаңы өкмөттүн эл арасында кадыр-баркынын өсүшүнө каршы Ташкендеги Эл комиссарлар Совети биринчи күндөн баштап тескери үгүттү, ага каршы диверсиялык иштерди уюштура баштаган. Ал тургай жаңы өкмөттү мыйзамсыз катары эсептеп, мүчөлөрүн камакка алууга бүтүм чыгарышат. Ошондуктан, 1918-ж. февралдын аягында большевиктер Коконду курал м-н басып алып, массалык кыргынды уюштурушкан. Бул окуя Фергана өрөөнүндөгү улуттук боштондук күрөштүн жаңы баскычынын башталышына алып келген.