КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ

КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ – 19-к-дын 2-жарымында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы көтөрүлгөн кыргыздардын күрөшү. 1871-ж. Кокон хандыгы Россиянын вассалы болгондон тартып (1868), Кудаяр хан карамагындагы элге (Фергана өрөөнүндөгү, Памир-Алайдагы кыргыз көчмөндөрүнө) алык-салыкты көбөйткөн. Ордодогу кыргыздар бийликтен четтетиле баштаган. Булардын бардыгы элдин нааразычылыгын туудурган. Сох өрөөнүнүн кыргыздары көтөрүлүшкө чыгышкан. Андан көп өтпөй Алайда көтө-рүлүш башталып, кийин Кыргызстан-дын түштүгүнүн бардык аймагында кагылыштар болуп турган. 1873-жылдан көтөрү-лүш Фергана тоосунун этегиндеги бүт аймакты, андан кийин Фергананын Борб. бөлүгүн камтыган. Ал көтөрүлүштөргө кыргыздардан башка өзбек, тажик кедейлери да катышкан. Кыргыздардын ичкилик уруусунан чыккан Исхак Молдо Асан уулу (Полот хан) көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилеринин бири болгон. Анжияндык кыргыздардын көтөрүлүштөрүн Мамыр Мерген уулу, чаткалдык кыргыздардын көтөрүлүш-төрүн Момун Шамырзак уулу жетектеген. 1873-ж. Кокон хандыгынын жазалоолорунан шекшип, 20 миң түтүн кыргыз ж-а 10 миң түтүн кыпчак (150 миңдей киши) тоого көчүп кетишкен. Анжияндын тегерегиндеги кыргыздардын 1700 түтүнү Россияга баш ийген Токмок уездине жер которушкан. Көтөрүлүшкө чыккан көчмөн малчыларды отурукташкан дыйкандар да колдогон. Падышалык бийлик качкындарды Кокон хандыгына кайра кууп жиберген. 1875-ж. көтөрүлүшчүлөрдүн кысымынан Кудаяр хан, андан кийин тактыга отурган Насирдин хан Түркстан генералгубернаторлугуна качып кеткен. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алышкан. Ушуга байланыштуу падышалык өкмөт Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин кийрүүгө уруксат берген. Айрым аймактарда Исхак (Полот хан) жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн кошуундары күрөштү уланта беришкен. Алар падышанын туруктуу аскерлерине туруштук бере албай, 1876-ж. Алай тоолоруна куулган. 19-февралда падыша Александр II Кокон хандыгын Россиянын курамагына кошуу ж-дө уруксат берген. Полот хан колго түшүрүлүп, 1-март-та Маргалаң ш-нда көп элдин катышуусунда «кылмышкер» катары өлүм жазасына тартылган. К. к. максаты, мүнөзү, кыймылдаткыч күчтөрү, этносаясий курамына карата 2 мезгилге бөлүнөт (1873–74; 1875–76). Көтөрүлүштүн биринчи мезгили Ферганадагы элдик толкундар м-н башталып, 4 чөлкөмдө (Аксы, Алай,   112 Экисуу арасы ж-а өрөөндүн түштүк батышы) болуп өткөн. Булардын ичинен Аксы чөлкөмүндөгү чыгуу-лар негизги ролду ойногон (к. Полот хан). Булактар б-ча 1-мезгилинде көтөрүлүшкө 42 уруу же 132500 түтүн кыргыз, кыпчактар катышкан. Өзбек, тажик калкы да кээде кошулуп турган, бирок массалык түрдө катыша алган эмес. Ал эми көтөрүлүштүн 2-мезгилиндеги окуялар Кокон мамл-нин ички ж-а тышкы саясий абалынын кескин өзгөрүшүнө алып келген. к. Кокон хандыгы.