КОКОН ХАНДЫГЫ

КОКОН ХАНДЫГЫ – 1709–1876-ж-дагы Орто Азиядагы ири феодалдык мамлекет. Фергана өрөөнүндө түзүлгөн. Борбору Кокон ш. болгон. К. х-нын тарыхы үч доорго бөлүнөт. Биринчи доор – түптөнүү доору. Бул доордун бийлери төмөнкүлөр: Шахрух бий (1709–21), Абдурахим бий (1721–34), Абдыкерим бий (1734–47), Эрдэне бий (1750–69) ж-а Нарбото бий (1770–98). К. х. өзбектердин миң уруусунун бийи Шахрух күйөө баласы Акбото бийдин жардамы м-н 1709-ж. түптөгөн. Алгач ал Маргалаңдын тегерегин гана башкарып, кийин өрөөндүн борбордук бөлүгү м-н Намангандын тегерегин да колуна алган. Намангандын, Касандын, Аксыкенттин, Чадактын (азыр Чартак), Жаңыкоргондун тегерегинде кыштоолору жайгашкан кыргыздар да жаңыдан уюшулган саясий биримдиктин курамында болуп калган. Шахрух Кухкенд (чочкосу көп жер) деген саздуу жерге сепил курдурган, (кийин Эскикоргон аталып калган). Шахрух бийдин уулу Абдурахим бий атасынын ордун ээлегенден кийин, 1725-ж. Акбото бийди эки уулу м-н тымызын өлтүртүп, Кожент ви-лайетин Кокон ээлигине кошкон. Кийинки жылы Оротөбөнү, Анжиянды, 1729-ж. Самаркан м-н Каттакорганды каратат. Ал 1734-ж. киши колдуу болуп көз жумган. Абдыкерим бий Фергананын башкаруучусу болуп жарыялангандан кийин, Эскикоргонго көчүп келет да, жаңы шаар салдырып, аны Кокон деп атаган. Ушундан баштап хандыктын байтактысы ушул жерде биротоло жайгашып калган. Булактарда Кокон ш. 1740-ж. негизделген деп белгиленет. 1741–50-ж. Фергана өрөөнүнө калмактар бир нече жолу басып киришет. Ошол мезгилде коконкыргыз согуштук өнөктөштүгү (союзу) тү-зүлгөн. Кокон бийи Абдыкерим, Оротө-бөнүн акими Фазыл бий ферганалык кыргыздар ж-а кыпчактар м-н бирдикте калмактарды Ферганадан кууп чыгарышкан. Айыгышкан күрөш айрыкча Аксы тарапта болгон. Бул жерде кутлук сейит уруусу калмактарга катуу каршылык көрсөткөн. Эрдэне бийдин (өз ысымы Абдул Каюм) мезгилинде, К. х. кубаттуу мамлекетке айланган. Кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгүн Эрдэне бий м-н ордосу азыркы Сакалды ченде жайгашкан түштүк кыргыздарынын башкаруучусу Кубат бий улантып, анын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө калмак баскынчылары кире алган эмес. 1755-ж. Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан Жусуп Кожонун чакырыгы б-ча Чыгыш Түркстанга кеткенден кийин, 1758-ж. Эрдэне бий адигине уруу-сунун бийи Ажы м-н өнөктөштүк түзгөн. 1759-ж. күзүндө кытай жазалоочулары Кашкардагы көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктап, Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келишкенде, кыргыздардын ж-а кокондуктардын биргелешкен күчү 9 миң жазалоочунун 7 миңин кырып таштагандыгы ж-а ошону м-н Цинь империясынын Орто Азияга карата согуштук экспансиясын биротоло токтоткондугу белгилүү. 1759–60-ж. кытай маалыматтары б-ча Фергана чөлкөмү Анжиян, Наманган, Маргалаң ж-а Кокон вилайеттерине бөлүнүп, ал эми Оротөбө, Кожент кээде Коконго, кээде Бухарага баш ийип, кээде өз алдынча да болуп турган. 1755–58-ж. Цин империясы Чыгыш Туркстанды каратып алгандан кийин Кокон – Кытай дипломатиялык байланышы түзүлөт. Фергана өрөөнүндө экон. абал жакшырган. Алык-салык системасы тартипке келтирилген. Кокон салыштырмалуу чоң шаарга айланып, анда (1760-ж. 20 миңден ашуун түтүн эл жашаган, 4 медресе, кербен сарай курулган. Нарбото бийдин (өз аты Абдул Хамид) тушунда Кокон мамл-нин калыптануу процесси аяктаган. Нарбото бийдин аталаш инилери Шахрух бий м-н Ажы бийдин энеси чаткалдык кыргыздардан болгон. 1798-ж. Наманган вилайетине бектик кылып турган Ажы бий агасы Нарбото бийге каршы козголоң уюштурган. Бирок, жеңилип чаткалдык таякелерине качып кетет. Ушул мезгилден Кокон мамл. Фергана чөлкөмүндө туруктуу админ. өлкөгө айланат ж-а анын чөл-көмдүк калыптануусу аяктайт. К. х-нын түп-төнүү доорунда сарттар, миңдер (өзбектер), кыргыздар ж-а кыпчактар зор саясий таасирге ээ болгон. Түштүк кыргыз уруулары К. х-на бириксе да, түндүк кыргыздар м-н карым-катнашта болуп, этносаясий, салт-санаа, руханий жактан тыгыз байланышта турган. Түндүк кыргыз урууларынын Фергана чөлкөмүнө тартылуусу, кыргыз урууларынын басымдуу көпчүлүгү 14–17-к-да Анжиян, Алай чөлкөмдөрүндө жашап тургандыгынан келип чыккан. Алим хандын (1800–10) такка олтурушу м-н К. х-нын өнүгүү, гүлдөө доору башталат. Бул мезгилде мамлекетти төмөнкү хандар башкарган: Алим хан (1800–10), Омор хан (1810–22) ж-а Мадали хан (1822–40). Алим хандын тушунда Фергана өрөөнү биротоло К. х-на бириккен. Ал биринчи жолу өзүн «хан» деп жарыялап, эл аралык мамилелерде К. х-н мамлекет катары тааныткан. Алим хан такка атаандаш болушу мүмкүн деп эсептеген өз туугандарын жок кыла баштаган. Атасынын иниси Ажы бийди өлтүрткөн. Анын Улугбек, Шераалы аттуу уулдары Чаткалга качып, Бекоглу энеси м-н Ферганада калган. Кийинчерээк Улугбек көз жумгандан кийин, Шераалы Таласка барып, 1842-ж-га чейин таякеси Ажыбай датканыкында (айрым булактарда Базар баатырдыкында) жашаган. Алим хандын ички саясатынын орчундуусу согуштук реформа болгон. Жергиликтүү шаар-кыштак калкынан ж-а көчмөндөрдөн куралган армиянын ордуна тоолук тажиктерден (галчалардан) 10 миңге жакын атчан регулярдуу армия түзүп, аларды мылтык, замбирек м-н куралдандырган. 1806-ж. Оротөбөнү, 1808-ж. Кураманы, 1809-ж. Ташкенди басып алган. Бирок, Сырдарыянын түштүк агымына жортуулга даярданып жатканда, козголоңчулардын колунан каза тапкан. Алим хандын иниси Омор хандын (1810–22) тушунда галчалардын күчү м-н басып алуучулук саясат улантылган. 1816-ж. Түркстан   113 ш. алынып, Сырдарыянын төмөнкү агымы, Кетментөбө өрөөнү хандыкка карап калган. Омор хан өзүн негизинен ички саясатта көрсөткөн. Мамл-тин экон. жөнгө салынып, казына байыган. Омор хандын ж-а анын уулу Мадалы хандын мезгилинде Фергананын экон. өнүгүп, ири ирригациялык курулмалар салынган. Салыштырмалуу тынчтык ж-а экон. өнүгүү Фергана өрөөнүнүн көчмөндөрү болгон кыргыздардын, кыпчактардын, түрктөрдүн ж. б. отурукташуусуна шарт түзгөн. Жаңы шаарлар түптөлгөн. Кокон ш-нын ички шарты жакшырып, ал түгүл оорукана да салынган. Шаарда башкы мечит, хандар көрүс-төнүнүн ансамбли ж. б. имараттар курулган. Кокон мамл-нин чөлкөмү кеңейип, 1830-жылдары Фергана өрөөнү, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадакшан, Кожент, Жызак, Ташкен, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймактары, Кашкар оазисинин белгилүү бөлүгү карап турган. Тышкы саясатта 1832-ж. Кокон – Пекин келишими чоң ийгилик болгон. Кийинчерээк К. х-нын өнүгүүсү Мадалинин тушунда төмөн-дөй баштаган. Борб. бийликти чыңоо м-н иши болбой, Мадали көңүл ачууга берилип кеткен. Ордодогу бийлик үчүн күрөш жүргү-зүшкөн феодалдык жамааттардын Ташкен, Бухара ж-а Шахрисябзда эмиграцияда жүргөн оппозиционерлер Бухара эмири Нас-рулладан жардам сурап кайрылышкан. Ушуну гана күтүп турган Насрулла 1841-ж. Коконго басып кирип, 1842-ж. Фергана чөл-көмүн ээлеген. Мадали хан ж-а анын бир туугандары өлтүрүлүп, Кокон тактысына марионет Ибрагим Хайал коюлган. Бирок, Бухара эмирлиги Кокондо бийликти көпкө кармап тура алган эмес. Кыргыз бийлери тактыга мураскор издешип, Таласта жашап жүргөн 50 жаштагы Шераалыга токтолушат. Кыргыз бийлеринин бул демилгесин Нүзүп бий ишке ашырган. 1842-ж. жайында ал кол курап, Шераалыны Аксыга алып келип, Сафедбулондо ак кийизге салып хан көтөргөн. Түштүк кыргыз уруулары колдоо көрсөтүшүп, кошуун Коконду камайт да, Шераалы тактыны ээлеп, Нүзүп миң башы аталык наамын алат. Шераалы хандын (1842–44) такка келишинен кийин, Кокон мамл-нде төмөндөө ж-а кулоо доору башталат. Социалдык-экон. өнүгүү болгону м-н, ички саясий карама-каршылык, мамл. аппараттын толук түзүлбөгөндүгү, 1840-жылдардын орто ченинен өлкөдө узакка созулган саясий кризистерди пайда кылган. Кудаярдын биринчи хандыгынын (1844–58), Мала хан бийлеген (1858–62), Кудаяр хандын экинчи хандыгынын (1865–75) жылдары ордодо кыргыз, кыпчак ж. б. феодалдык кландардын бийлик талашуусу күчөгөн. Натыйжада, көптөгөн көтөрүлүштөр, феодалдык бийлик талашуулар ж-а жаатташтык кагылышуулар, төңкөрүштөр болгон. Мис., Кудаяр ханга каршы 1857-ж. башталган күр-өштөр Фергана өрөөнүндөгү кыргыз элинде олуттуу толкундоолорго айланган. Көтө-рүлүшкө катышкан адамдардын саны 4–6 миң адамга жеткен. Натыйжада, 1858-ж. ноябрда Малабек такка олтурган. Бул окуяда түштүк кыргыздарынын адигине уруусунун баргы тобунун бийи Асан бий уулу Алымбек негизги ролду ойногон. Малабек хандыктын ички абалын тартипке келтирип, тышкы мамиледе салыштырмалуу тынч саясатты жүргүзгөн. Ошону м-н бирге Россиянын басып алуу жүрүштөрүнүн алдын тороп, жаңы аскер күчтөрүн жиберүү аркылуу Кыргызстандын түндүгү м-н Казакстандын түштүгүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңоого олуттуу көңүл бурган. 1860-жылдардын башында Россия падышалыгы Чүй өрөөнүн каратып жаткан мезгилде К. х-нын ички абалы начар болгон. Ошого карабастан Мала хан орус баскынчылыгын токтотууга катуу аракет жасаган. Ташкенден Канаат шаа, Кокондон Анжиян вилайетинин акими Алымбек датка жетектеген кошуундар Чүйгө жиберилген. Алымбектин «Анжиян колу» деп аталган кошууну жолдо Экисуу арасы, Көгарт, Кетментөбө, Нарын, Чүй кыргыздарынан колун толуктап, аскери 12 миң кишиге чейин жеткен. Алымбектин кошуунунун курамында Жаңгарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, а. и. Шабдандын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында эки кошуун жолугат да, Алымбек м-н Канаат шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада, Узунагач, Каракастек, Каскелең өзөндөрүнүн боюндагы салгылашууларда Алымбек өз кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Каракастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин, Узунагачка 1-чабуул уюштурууну буйруган Канаат шаага Алымбек кескин каршы чыккан. Бул кадамдын түпкү максаты – Алымбектин Россияга көңүл бура баштаган аркалык кыргыздардын бийлеринин колдоосуна ээ болуу м-н Кокон ордосун толук колго алуу болгон. Ал 1861-ж. күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайт-кан. Натыйжада, 1862-ж. Мала хан Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар сыяктуу кыргыз бийлеринин аракети м-н өлтүрүлүп, анын жээни – Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушат. Алымбек баш увазирдик орунду ээлейт. Ордодогу 2-топ (анын уюштуруучуларынын бири кыргыз молдо Алымкул болгон) такка Кудаярды кайрадан отургузушат. Алымкулдун аракети м-н Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери, а түгүл 1862-ж. июль айында алдоо жолу м-н ордого чакырылган Алымбек датка да Чотон аттуу кыргыздын колу м-н тыңдым кылынган. Бирок, Кудаяр хандын жаатында Алымкул узак болгон эмес. Ал тез эле кыргыз, кыпчак оппозициясын жетектеп, Кокон ханына каршы күрөшкө чыккан. 1862- ж. кыргыз, кыпчак уруулары Алымкулдун жетекчилиги астында Кудаяр хандын сарбаздары м-н кармашып, Наманган, Маргалаң, Кожент ш-н убактылуу каратып алышат. Кокон ханы Кудаярга каршы күрөшүү үчүн түндүк кыргыз урууларына үндөө м-н кайрылышкан. Чакырыктын таасири Чүйгө да жеткен. Чүй кыргыздары, айрыкча, Байтик Канай уулунун тобу, сарыбагыштардын бир бөлүгү кокон гарнизондоруна ачыктан-ачык каршы чыга баштаган. 1863-ж. июнда Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар Коконду ээлеп, 9-июлда Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз-кыпчак жа-маатындагы мамл. ишмер ж-а таланттуу кол башчы, 34 жаштагы Алымкул Султан Се-йитке Аталык (регент) дайындалып, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган. Алымкул аталыктын мезгилиндеги (1863–65) негизги окуялар   114 Россиянын колониялык саясатына каршы күрөш болгон. 1864-ж. орус аскерлеринин согуштук жүрүштөрү Чымкентти алуу м-н аяктаган. 1865-ж. генерал Черняев 29-апрелде Ташкенге жакын турган Ниязбек чебин басып алып, шаарды суудан ж-а эгинден бөлүп салган. Ташкенди коргогон Алымкул аталыктын негизги күчтөрү м-н орус аскеринин ортосундагы 9-майда болгон салгылашууда Алымкул аталыктын оор жарадар болушу ж-а өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. 1865-ж. 17-июнда Ташкен ш. каратылган. Алымкулдун көзү өткөндөн ки-йин, Фергана кыргыздары м-н кыпчактар Султан Сейит ханды таштап, кыргыз кол башчысы Бекмаматтын жетекчилиги астында Коконго карай жөнөгөн. Фергана өрөөнүнө келишкен кыргыз-кыпчак кошуу-нунун төбөлдөрү Шахрух бийдин үчүнчү уулу Шады бийдин урпактарынын бири 16 жашар Кудайкул бекти хан көтөрүшкөн. Тез аранын ичинде Кудайкул Кокондон алдырылып, кыргыз-кыпчак кошууну шаан-шөкөт м-н ордого кирген. Баймат кыпчак миң башы дайындалып, Ташкенге орустарга каршы жүрүш жасоого даярдык көрүлө баштаган. Бирок, көп узабай Бухара эмири Музаффардын жардамы м-н Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурат. Убактылуу жеңилүүгө учураган кыргыз-кыпчак бийлери тактикалык чегинүү жасап, Кудаяр ханга таазим кылып келишкен. Алайдан Курманжан датка да келген. Кудаяр хан энеси Жаркынайым м-н жакшы ымалада болгон Курманжандын «датка» титулун дагы бир жолу расмий бекитип, белек-бечкек берип жөнөткөн. Кыргыз көчмөн-дөрүнө таасири зор Курманжандай инсандарын Кудаярдын бийлигин тааныгандыгы башка кыргыз-кыпчак бийлеринин тынчышына алып келген. 1866-ж. Кожент, Бухара ээликтери Оротөбөнүн ж-а Жызактын орус аскерлери тарабынан каратылышынан кийин, К. х-нын чөлкөмү негизинен Фергана өрөөнү м-н гана чектелип калган. Бухара м-н карым-катнаш үзүлгөн. Кокон ханы Кудаяр ички маселелер м-н гана алек болуп калган. К. х-нын 1865-жылга чейинки ээлиги болуп келген Ташкен 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунун борбору болуп саналган. Кудаяр хан Россиянын басып алууларын айласыздан таанып, Ташкен м-н дипломатиялык мамилеге өтүүгө аргасыз болгон. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1868-ж. 29-январда Кудаяр хан м-н К. П. Кауфман соода келишимине кол коюшкан. Документ соодага арналганы м-н иш жүзүндө Коконду Россияга вассалдык көз карандылыкка алып келген. Кудаяр хан падыша өкмөтүнөн качкан качкындарды кайтарып берип турган, соодагерлер м-н кошо келген саякатчы, илимпоз кейпиндеги чалгынчыларга Кокон чөлкөмүн кыдырууга дайыма уруксат берген. Кудаяр хан тышкы саясатта өз алдынча иш жүргүзө алган эмес, олуттуу маселелер б-ча К.П. Кауфман м-н кенешип турган. Бир аз убакытта эле К. х. Россиянын жарым колониясына айланган. Хан, ордо бийликтери, феодалдар жалпы элге жек көрүндү күчкө айланып, феодалдык эзүүнүн күчөшү 1873–76-ж. ири элдик кыймылды туудурган (к. Кокон көтөрүлүштөрү). Россия империясы 1875-ж. ыңгайлуу шарттарды пайдаланып, Фергана өрөөнүнө басып кирген. Насирдин хандын (1875) ж-а Кокондун акыркы ханы кыргыз Исхак – Полот хандын (1875–76) мезгилинде Россия К. х-н кан төгүү м-н каратып алган. 1876-ж. 19-февралда К. х. жоюлуп, анын ордуна Россия империясынын Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана облусу түзүлгөн.