КОЛО ДООРУ. ОШ ТУРГУН ЖАЙЫ

Колодон жасалган эмгек куралдары, тиричилик буюмдары колдонулган мезгил, коло доору б. з. ч. 3 миң жылдыкта башталып, 2 мин жылдыкта өзүнүн гүлдөгөн мезгилине жетип, 1 миң жылдыктын башталышында бүткөн. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовое кыштактары, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдардын кенчи Кыргызстандын аймагында б. з. ч. XII—VIII кк. коло доорунун өзгөчө өнүккөндүгүн айгинелейт.

Болжол менен б. з. ч. V миң жылдыкта Орто Азияда жез кеңири жайылып, андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга үйрөнгөндө адамзат коомунда ири прогрессивдүү өзгөрүштөр башталган. Коло доору Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, б. з. ч. 3 мин жылдыктан б. з. ч. Х-УШ кк. чейинки мезгилди камтыйт.

Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият өнүккөн. Борбордук Теңир Тоодо, Ысык-Көлдө, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө көчмөн мал чарбачылыгы аздыр-көптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышып өнүккөн. Бул кездеги адамдар казак талааларындагы жана Түштүк Сибирдеги элдер, уруулар менен байланышта болгон. Тектеш чарбалык маданий эстеликтеринен улам алар Андронов маданиятынын өкүлдөрү делип аталып калган. Анткени Сибирдеги Ачинск шаарына жакын жайгашкан Андронов кыштагынын жанында бул маданияттын алгачкы эстелиги табылган. Бул маданияттын эн бай кенчи Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылында табылган. Андронов маданиятынын өкүлдөрү Кыргызстандагы бийик тоолуу Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүн да өздөштүрүшкөн, аска беттерине сүрөт тартышкан. Кол өнөрчүлөр өз алдынча кесип ээлери катары бөлүнө баштаган. Колодон канжар, найзанын, жебенин учтарын, орок, балта жасашкан, жүндөн кездеме токуганды жана тери иштеткенди мыкты өздөштүрүшкөн. Кездемеден жана териден кийимдерди тигишкен.

Археологдор Андронов маданиятындагы уруулардын бир катар турак жайларын, көрүстөндөрүн жана аскага тартылган сүрөттөрүн табышкан. Коло доорунун б. з. ч. ХУ-ХУШ кк. тургун жалы Чүй өрөөнүндөгү Беловодскиден, б. з. ч. ХП-1Х кк. таандык эстеликтерди Аламүдүндөн, Александровкадан, Жайылмадан жана Кайыңдыдан табышкан.

Коло доорундагы аскага тартылган сурөттөр бул доор жөнүндө көп маалыматтарды берет. Алар Жалал-Абад областынынын Тогуз-Торо районунун борбору Казарман кыштагынан анчалык алыс эмес жерде жайгашкан Көгарт суусунун батышындагы Саймалуу-Таш байыркы сүрөт галереясында (100 мнңден ашык) топтолгон. Кыргыз жериндегн Саймалуу-Таш таш бетине чегилген сүрөттөрдүн дүйнөдөгү эн чоң галереясы болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б. з. ч. III миң жылдыктан баштап орто кылымдарга чейин ташка чегилип келгени аныкталган.

Андронов маданиятындагы уруулар негизинен мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан. Негизинен уйларды, койлорду, эки өркөчтүү төөлөрдү кармашкан. Жылкьгаы өзгөчө аздектеп асырашкан. Андронов маданиятындагылар алгачкылардан болуп кымыз жасаганды үйрөнүшкөн деген пикир бар. Алар малды кышкысын колго багышкан, ал үчүн тоют даярдашкан. Чочко багылган эмес.

Коло доорунун аягында мал чарбасында көчүп жүрүү шартына ылайык уйдун саны азайып, жылкы көбөйгөн. Ошентип, көчмөн мал чарбачылыгы пайда болгон.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Фергана өрөөнүндө байыркы дыйканчылыкка негизделген экинчи маданият өнүккөн. Ал шарттуу түрдө Чуст маданияты делип аталган. (Наманган областындагы Чуст кыштагында ушул маданияттын алгачкы тургун жайы табылган.) Бул маданияттын өкүлдөрү буудай, арпа, таруу, сулу өстүрүшкөн. Кол өнөрчүлүк андронов маданиятына салыштырмалуу күчтүү өнүккөн, бирок мал чарбасы буларда негизги тармак болгон эмес. Түшүмдү таш, коло ороктор менен орушкаи. Эгиндн үйдүн ичине казылган ороолордо сакташкан. Айрым ороолорго бир тоннадай эгин баткан. Байыркы ферганалыктардын таш ороктору ЫсыкКөлдүн үч жеринен, Чыгыш Түркстандан, Өэбекстандын түштүгүнөн кездешкен.

Кыргызстанда чуст тургун жайлары Өзгөндүн жанынан, Куршабдан, Ноокаттан табылган. Бул маданияттын Оштогу Сулайман тоосунда жайгашкан тургун жайы жакшы изилденген.

Жыйынтыктап айтканда, коло доорунда Кыргызстанда металл иштетүү өздөштүрүлгөн. Көчмөн мал чарбачылыгы жана дыйканчылык калыптанып өнүккөн. Коомдук мамилелердин, өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнүн натыйжасында коомдо социалдык жактан теңсиздик пайда болгон.

Кыргызстандын түштүгүндөгү дыйканчылык кылган калктардын эн байыркы жана өзүнчө айырмалуу эстеликтеринин бири коло доорундагы Ош кыштагы болуп санапат. Ал күтүүсүз жерден 1976-ж. ачылды.

Ошол эле 1976-ж. жайында СССР Илимдер академиясынын Археология институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн Фергана экспедициясы Сулайман тоосун изилдей баштайт.

Алынган маалыматтар Ош шаарынын ортосунда жайгашкан Сулайман тоосунук чыгыш капталында чуст мезгилиндеги кыштактын сакталып калгандыгын көрсөттү. Ал узундугу 200 мкем эмес аянтты ээлеп жаткан. Үч жылдын ичинде (1978-1980-жж.) бул жерде ошол тургун жайдын жалпы көрүнүшүн, үйлөрдүн түзүлүшүн, чопо идиштердин тобун, таштан жасалган буюм-тайымды ж. б. элестетүүгө мүмкүндүк бере турган кеңири изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Байыркы тургун жай тоонун түштүк тарабындагы тик капталда тектир-тектир болуп жайгашкан. Археологдор эң жогоркусун, тоо башындагы аскалардын түбүнөн башталган тектирди изилдешти. Ошол кезде элдердин үйлөрү Сулайман тоосунун борборундагы бийик асканы тегерете жайгашкандыгы жөнүндө божомолдоого болот. Дээрлик бүткүл тектирлерде кылымдардан бери тапталып калган жердин бетинен көптөгөн тегерек ороолор (чункурлар) даана көрүнүп турат. Бардыгы болуп 70тен ашуун ар кыл диаметрдеги жана терендиктеги ороолор тазаланды. Алардын баары тең дан ж. б. азык-түлүктөрдү сактоо үчүн арналган.

Эки ороонун ичинен археологдор бир килограммга жакын бир кыйла жакшы сакталган көмүр жыйнашып, радиоуглероддук анализге жөнөтүшкөн. Ленингряддагы атайын лабораторияда ошол үлгүлөр аркылуу көмүрлөрдүн күйгөн убактысын далилдешкен жана ошону менен бирге эле Ош кыштагынын жашаган мезгилин, жашын аныкташкан.

Ошентип, Ош кыштагын Чуст маданяятына таандык эк бай маданият катары эсептөөгө болот. Муну ошол ороолордон табылган көмүрлөрдү радиоуглеводдук анализдөөнүн натыйжалары бекемдеди. Азыркы Ош аймагындагы биринчи отурукташып, жер айдаган калктуу кыштак мындан 3 миң жыл мурда пайда болгондугу айкын. Орто Азиянын башка жерлеринен мындай байыркы эл отурукташкан эстеликтер азырынча табыла элек. Ош шаарына 3000 жыл болгон деп ишенимдүү айтсак болот.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор