КЫПЧАКТАР

КЫПЧАКТАР – орто кылымдардагы Борбордук Азиядан тараган түрк элдеринин бири. К. тууралуу адепки кабарлар  кытай жылнамааларында б. з. ч. 201-ж. («кюс-ше», «кин-ча», «хи-би-са», ж. б. түрлөрдө, Санжырада – күпчүк) жазылып  калган. Орто кылымдардын алгачкы мезгилинде К. Енисейдеги кыргыздардын батыш тарабын (Иртыш) мекендеген.  Кимак мамлекетинин (VII–Х к.) составындагы К-дын бир топ бөлүгү IХ к. экинчи жарымы Х к. Борбордук Азиядан  батышка оогон. Сыр-Дарыянын төмөнкү агымына жана Итил дарыясынын боюна чейин жетип, алар огуз, печенег, хазар,  булгар, башкырт ж. б. түрк элдери менен аралашып, алардын бир катар урууларын өздөрүнө сиңирген. ХI–ХII к.  батышка оогон К. Киевдик Рус мамлекетинин түздөн-түз коңшусу болуп калган. К. байыркы орустарда «половец», латын  тилиндеги европалык даректерде «куман» деп аталган. К. мекендеген Дон дарыясынын чыгыш тарабы, Итил  дарыясынын бою, Орто Азиянын түштүк-батышы, Батыш Казакстан мусулман даректеринде «Дашт-и-кыпчак» («Кыпчак  талаалары») деген ат менен белгилүү. Кичи Азияда К. ХI к. башында эле пайда болгон. XII к. ортосунда кыпчак бектери  Сириянын (Шам) айрым дубандарын кол башчы катары жана кийинчерээк эмир (бек) катары бийлеп турган. Мисир  (Египет) менен Шам мамлекеттериндеги бектердин негизги тобу кыпчак аскер башчыларынан чыккан. Чыгыш Европа  жана Түндүк Африка, Жакынкы Чыгышта да К. көптөгөн элдерге аралашып сиңип кеткен.

Орто Азия менен Казакстанда  К-дын бир бөлүгүнөн казак (казак-орус) эли түзүлгөн, калган бөлүгү кыргыз, өзбек, кара калпак, уйгур элдерине  аралашып кеткен.