КЫРГЫЗДАРДЫН ТУРАК ЖАЙЫ ЖАНА КИЙИМ КЕЧЕСИ

Кыргыздардын турак жайлары көчүрүлмө жана туруктуу болуп экиге бөлүнгөн. Көчмөнчүлүк жана жарым көчмөнчүлүк мезгилде негизги турак жай боз уй болуп, көчмөндөрдүн бүткүл турмушу ошондо өткөн. Боз үйдүн кереге-ууктары, үзүк-туурдуктары көчмөндөр тарабынан кылымдар бою улам жакшыртылып келген. Боз үй чечүүгө, чогултуп кайра таңууга, ошондой эле унаага жүктөөгө өтө жеңил, ынгайлуу, бөлүк-бөлүгү менен таңылыш, кайра тез кураштырылып тигилет. Бир конуштан экинчи конушка көчкөндө боз үйдүн жыгач-ташы, кийиздери жылкы, топоз, төөлөргө жүктөлгөн. Аны тнгүүдө, адегенде 5-6 канаттан, чоң боз үйлөрдө 8-12 каяаттан турган керегелери тегерек кылынып жазылып, бириктирилет да, бөлүкчөлөрдөн турган босогосу ашталып, ага эки жакка ачылма каалга орнотулат. Боз үйдүн орточо диаметри 5 м, бийиктиги 3-3,5 метрге жетет. Кереге орнотулгандан кийин бакандын жардамы менен түндүк көтөрүлүп, ага ууктар сайылып ууктун билеги керегенин ачаларына бекитилип байланат. Керегенин сырты чырмалган чий менен капталып, боз үйдүн бүт тулкусу ар кыл кийиздер менен (үзүк, туурдук, түндүк жана эшик жабуулар) жабылат. Кыргыз боз үйү казак жана Борбордук Азиянын башка элдеринин боз үйлөрүнө окшош келсе да, көркөмдүүлүгү, ички, тышкы жасалгалары менен айырмаланып турат. Боз үйдүн ичине жүндөн токулган таар, кийиз, шырдактар, талпак, көлдөлөң жана жер төшөктөр салынат.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн боз үйдөгү орун алышы кылымдардан бери улуулугуна, сыйлуу меймандыгына карата болот. Эшиктен кире бериш оң тарабы эпчи жак деп аталып, бул аялдарга тиешелүү, мында тамак-аш, идиш-аяк сакталат; сол тарабы эр жак деп аталып, ал эркектерге тиешелүү, кире бериштен баштап эле малчылыкка, аңчылыкка керектүү буюмдар жана ат жабдыктары илинип коюлат. Боз үйдүн төр жагына сандык, жыгач такта же кыдырата тизилген таштардын үстүнө үй-бүлөнүн бүткүл турмуш-тиричилик байлыгын түзгөн килем, жууркан-төшөк, жаздык, ар түрдүү кийиздердин түрмөгү, кийим-кече оролгон таңгак, куржун жана башкалар текчеленип жыйылчу. Ушул жыйылган жүктөрүнө жараша үй-ээсинин материалдык байлыгыяын өлчөмүн байкоого болгон. Байлардын ар кандай чондуктагы, бир нече боз үйлөрү болуп, алар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, келүүчү меймандарга, жаңы үйлөнгөндөргө, тамак-аш бышырууга атайы арналып тигилген.

Кыргыздар XIX к. ортосуна чейин эле (өзгөчө түндүк Кыргызстанда) негизинен боз үйлөрдө жашашкан.

Кыргыздар адатта уруу-урук боюнча бир айылга биригип, биргелешип көчүшкөн. Кыштоолору анча бийик эмес өрөөндүн шамал тийбеген ыктоо кокту-колотторуна, сууга жакын жана малга оттуу жерлерде болгон. Мал киргизиле турган короо-сарай, бастырма-калканчы таш, чырпык же ылайдан курулган. Бара-бара кыштоолорго туруктуу туракжайлар жана чарбачылыкка ылайыктуу курулуштар салынып, айрым ыңгайлуу кыштоолордо кийин калк отурукташкан кыштактар пайда болгон. Кыргыздар дыйканчылыкка өткөндөн кийин да, көпчүлүк үй-бүлөлөр боз үйлөрдө жашашкан, же аны экинчи турак жай катары пайдаланышкан.

Кыргызстанда турук алган айылдардын жана турак жайлардын чон айырмачылыктары болгон. Бул болсо географиялык жана тарыхый өзгөчөлүктөр, жергиликтүу салт, ошондой эле кыргыз элинин отурукташууга өтүүсү бир убакыттын ичинде жүргүзүлбөгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Эгерде туруктуу турак жайлар түндүк жана түштүк батыш райондордо XIX к. биринчи жарымында эле пайда болсо, калган аймактарда негизинен XX к. башында курула баштаган.

Үй куруунун техникасы боюнча кыргыздар ар түрдүү ыкмаларды пайдаланышкан. Түндүк райондордо үйдү топурактан согуп жасашса, Ысык-Көлдө мындай сокмо тамдардан сырткары жыгач үйлөрдү да курушкан. Түштүк райондордо адатта үйлөрдүн дубалын ылайдан томолоктолгон (пакса) же кесек (гувалак) коюу аркылуу көтөрүп курушкан. Түштүкбатышта каркастык дубалды ылай менен бекитип жасоо кеңири тараган. Кийинчерээк бардык жерде үйлөрдү бышырылбаган, айрым учурларда бышкан кирпичтер менен курууга өтүшкөн.

Кыргыздардын байыркы салттык кнйимдери бир аз гана өзгөрүүлөрү менен отурукташууга чейин сакталып келген. Мал чарбачылыгы басымдуулук кылган жерлерде кийим-кечектин абалкы түрлөрү, адатта үйдө даярдалган материалдардан: жапайы айбандардын жана малдын кол менен иштетилген терилеринен, бышык басылган жука кийизден, койдун, төөнүн жүндөрүнөн токулган таарлардан тигилген. Ошондой эле, көчмөнчүлүктүн шартында да кыргыздар сырттан келген товарларды: орто азпялык жава кашкарлык кустардык өндүрүштүн кездемелерин, жибек, жүидөн токулган кездеме, баркыттарды алып пайдаланышкан.

XIX к. башында эркектердин эски үлгүдөгү ич кийими катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Көйнөктү ак боздон же матадан кементайга окшош бычып, этегнн тизеден төмөн түшүрүп, жени колдун учун жапкандай балбырата тигишкен, алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон.

Сырт кийимдердин бардыгы халат сыяктуу келип, жакалуу же жакасыз эле өтө кенен тигилген. Кышкы кнйимдин жакасын көрпөдөн, ац терилеринен жасашкан. Анын четтерине кара сатин, баркыт же кара көрпө бастырылып кооздолгон. Кышкы сый кийими карышкыр, сүлөөсүн, кундуз терилеринен жасалып, сырты нооту менен тышталган ичик болгон. Кышкысын териден жасалган тон кийишкен. Кыргызстандын түндүгүндө жана түндүк чыгышында ак же каралжын жүндөн жасалган кемевтайларды кийишкен. Ак кементай колунда барлардын арасында кеңири таралган. Аны кооздоп, баркыт менен кыюулап жасашкан. Колго ийрилип, жүндөн токулган таардан жени узун, жакалуу же жакасыз, узун жана кенен чепкен. тигишкен. Жылуулук мезгилдерде кийилүүчү тыгыз кездемеден тигилген орнотмо жеңдүү, чөнтөктүү, адамдын денесине ылайыкталып тигилген биринчи сырткы кийим беишант деп аталган.

Абалтан эле эркектер кийимдин сыртынан кур курчанышкан. Эң байыркы колдо жасалган курлар кийинчерээк фабрикалык, кездеме же кайыш курлар менен алмаштырылган. Колунда бар кыргыздар бетине күмүш купалар чаптырылып, булгаарыдан жасалган жазы кемерлерди курчанышкан. Курга кындуу бычак, устара, шибеге жана оттук таш байланып жүрүшкөн.

Баш кийимдердин кенири тараган түрү тебетей болгон. Анын төбө жагы төрт талаалуу тигилип, кырына түлкү же кара күрөн түстөгү козунун көрпөсүнөн кыргак капталган. Көрктүү жана баалуу баш кийимдерди суусардын, калтардын терилеринен жасашкан. Аларды бийлер, бай-манаптар гана кийишкен. XIX к. эркектердин кенири таралган баш кийими кышкысын — көрпө тебетей, жайкысын ак калпак болгон.

Кыргыздардын эзелки бут кийимдерине көк булгаарыдан жасалган өтүк, ошондой эле чылгый териден жасалып, кыдырата үстүнкү тегерек чети кайыш тасмалар менен бүгүлүп тартылып, байлануучу чарык чокойлор болгон.

Аялдардын кенири тигилген көйнөк, дамбал сыяктуу ички кийимдери болгон. Жгип келин кыздар ар түрдүү түстөгү, көбүнчө кызыл көйнөктөрдү кийишкен.

Аялдардын сырткы кийимдери бычымы боюнча эркектердикине окшош (чапан, тон) болгон.

Кыргыз аялдарынын этностук өзгөчөлүгүн күбөлөөчү илгерки кийими белдемчи болгон. Ал аялдын келбетин келишимдүү көрсөткөн. Кыргыз аялдарынын баш кийимдери көп түрдүү, жасалышы татаал жана өзгөчө болгон. Кыздардын баш кийими шуңшугуй төбөлүү тебетей эле. Кыздар үйлөнүү тоюнда күмүш, шуру, бермет, седеп жана башкалар менен кооздолгон шөкулө кийишкен. Аялдардын бардык жердегн негизги баш кийими элечек болгон. Кийинчерээк элечек жоолук менен алмаштырылып, адегенде жоолукту элечек сымал салынышкан. Аялдардын келбетине кошумча көрк кошкон, улуттук өзгөчөлүктү түзгөн жасалгалар күмүш иймек, шакек, билерик, чачпак, чач учтук кеңири колдонулган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор