КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ

Кыргызстандын табияты менен таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан алгачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр менен эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңиртоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик тоолуу аймактарды да (Акчуңкур, Аксай, Арпа, Саймалыташ ж. б.) пайдалангандыгын айгинелейт.

 

Рефератты көчүрүү