Кыргызстан эмнеси менен дүйнөдө биринчи

Бүгүн Сиздер менен Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыктары тууралуу бөлүшкүм келди. Андыктан ыңгайлуу отуруңуз дагы сыймыктана бериңиз.

Кыргызстан көлөмү боюнча 194 мамлекеттин ичинен 86 орунда турат. Сап башында турган Россиядан 86 эсе, ал эми Канада жана Кытай мамлекеттеринен 50 эсе кичинекей.  Ал эми Ямайка, Катар өлкөлөрүнөн 18 эсе,  Бахрейнден 298 эсе чоң.

Элдин саны боюнча 110чу орунда турат. Эң көп сандагы кошуна кытай элине салыштырсак 1 кыргызга 224 кытай туура келет. Бирок, Лихтенштейн, Монако элдеринин бир адамына 162 кыргыз туура келет.

Кыргызстан демократия, сөз эркиндиги жагынан Орто Азия өлкөлөрүнүн  ичинен эч бир өлкөнү алдыга чыгарбай келет. Кошуна өлкөлөрдү 27 жылдан бери карай бир же эки президент башкарып келсе, Кыргызстанды 5чи президент башкарууда.

Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор түзөт. Б.а. жеке эле нарындыктар гана эмес көпчүлүк кыргыздар тоодо жашайбыз. Тоолук болгон себептен эт жеген боюнча бардык калкты гана ашып кетпестен карышкырларды д агы ашканы аз эле калабыз. Эгерде карышкырлар дагы тоолук эмес балким чөлдө жашаганда анда биз шексиз аларды дагы ашып кетмекпиз.

180 миңден ашык саптан турган Манас эпосубуз менен биринчиликти эч кимге бербей келебиз. Эпосубуз башка эпостордой болуп кагаз жүзүндө гана калбастан оозеки түрүндө дагы жүздөгөн балким миңдеген манасчылардын оозунда дагы сакталып келет.

Кыргызстандыктар тууганчылык жагынан дагы алдыңкы орунда. Тааныбаган адам менен сураша келсең же таякең, же жээниң, же кудаң, такыр болбой баратса аяш атаң болуп чыга келет. Ошол себептен Бизнес баштагандардын көпчүлүгү башында эле банкрот болот.

Камарабагандык жагынан дагы алдыда экенибизди барыбыз эле билсек керек. Саат 6 чакырган конокко камарабай 7 жарымда барган адам биринчи конок болуп калышы мүмкүн. Карызыбыз 3 млрд ашса деле, капталыбыздан кытайлар басса деле, элдин бары кризис деп жатса деле биз кыргыздар камарабай жата беребиз.

Үй тургузуу жагынан кыргыздарга эч бир калк жетпейт. Себеби биз жашаган үйүбүздү бир айда эмес, бир аптада эмес, жада калса бир күндө эмес, бир саатта деле  тургуза алабыз. Эгерде өтө эле шашып жатсак анда мындан дагы тез тургузсак болот. Боз үй тигүү сынагына катышкан жигиттер боз үйдү 7 мүнөт 44 секундда тигип салып дүйнөлүк рекорд коюшкан.

Ошондой эле кыргыз калкы меймандостук жагынан дагы көптү таң калтыра алды. Улуттук баалуулуктарды баалай билип, тарыхы кенен байыркы эл экенин даңазалоо менен дүйнө элинин башын бириктирип дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрө алганын  бардыгыбыз баамдай алдык. Келген меймандардын барысы кыргыздын меймандос, конок күткөндү билген калк экенин, кайсы гана боз үйгө баш бакбасын дасторконго отургузуп тамагын берип жатышкандарын айтып өтүштү.

Кыргызстаныбыз албетте бул артыкчылыктар менен гана чектелип калбайт. Дагы кандай жактарыбыз менен дүйнө чемпиону экенибиз тууралуу билдирүү таштаңыз. Эмки чыгарылышта аларды дагы атай кетебиз.

Төмөндө макаланын кызыктуурак болгон видеоверсиясын көрө аласыз: