«КЫСКАЧА ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ» Абдуррахман Хачкалы

Кыргыз элинин Ислам дини менен жашаганына миң жылдан ашуун убакыт өттү.  Акыркы жүз жыл аралыгы казак, өзбек элдери сыяктуу кыргыз эли үчүн да руханий дөөлөттөрүнөн ажыроо өңүтүнөн оор жылдар болду. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү кыргыз эли үчүн кайрадан Ислам дини менен жакындан таанышууга бир топ илгери мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул абдан кубанаарлык көрүнүш. Себеби ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, биримдик бар жерде ырыс бар.
Ислам жазма булактарында ар бир мусулман баласына милдеттүү түрдө билүү зарылчылыгы бар диний маалыматтар жыйындысы «илмихал» деп атала келген. Илмихал китептери ыйман негиздери, ибадаттар жана ошондой эле негизги диний маалыматтарды камтыйт. Асыресе, колуңуздардагы эмгек да ушул максатта жазылган мусулман баласынын жашоо мыйзамынын кыскача топтому десек жаңылышпайбыз.

Китепти көчүрүү