МАНАП

МАНАП – Совет бийлигине чейинки кыргыз коомунда эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү, өз уруу мүчөлөрүн  соттоого укуктуу жана аларга уруу чабыштарында жетекчилик кылуучу уруу башчысы. Укугу жагынан бий, М.  биринен-бири эч кандай айырмасы деле жок. ХVШ к. баатыр, тектүү бий гана М. деп аталган. ХIХ к. башынан М. наамы  жана бийлик мураска калтырыла баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине жараша – М. чоң М., орто М., чала М.  болуп бөлүнгөн. Түндүк кыргыздардын уруу бирикмелеринин чоң манабы болуп, калган орто жана чала М. ага баш  ийген. Карапайым уруу мүчөлөрү М-ка күнкор букара болгон. Түштүк кыргыздар М. түшүнүгүн билишкен эмес. Кокон  хандыгы мезгилинде М-тар хандын буйругун аткарып, салык жыйнашкан. Кыргызстан Россияга каратылгандан кийин М.  падышалык колониялык тартиптин таянычына айланган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы (1917-ж). жана  граждандык согуш (1918–20-ж). мезгилинде алар контрреволюциячыл иштерди уюштурууга катышышкан.