МАНАС

«МАНАС» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бул эпос болжол менен мындан миң жыл мурда калыптанган. Ошондон  бери ХХ к. орто ченине чейин кыргыздардын арасында муундан-муунга өтүп, ооз эки түрүндө айтылып келген. Элүүдөн  ашык варианттары бар. Бир эле манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «М». трилогиясы миллион ыр сабынан  турат. «М». дастанында кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, чарбасы, жоокерлик турмушу кеңири чагылдырылган.  Ошону менен бирге эле «М». эпосу кыргыздардын саясий турмушу, саясий көз караштары жана саясий ойдун өнүгүш  тарыхын изилдөө боюнча да көөнөргүс булак болуп кызмат кылат. Бардык кыргыздардын башын коштурган, Ала-Тоону  мекендеген, бирдиктүү, күчтүү, көз карандысыз мамлекет түзүү – «М». эпосунун башкы идеясынын өзөгүн түзөт.  Бүгүнкү күндө кыргыздар бирдиктүү, көз карандысыз мамлекетүүлүккө жетишип, кылымдардан бери аздектеп сактап  келген «Манас» эпосунун 1000 жылдык тоюн, колдоого алынып 1995-ж. 25–31-августта өткөрүштү.