МАХМУД КАШГАРИ

МАХМУД КАШГАРИ (Барскани), М а х м у д и б н Х у с е й н и б н М у х а м м е д – 11-к-дагы энциклопедиячы-аалым. 1029–1038-ж. аралыгында көл кылаасында Барскан (азыркы Барскоон) ш-нда туулган. Анын атасы Хусейн ибн Мухаммед ибн Юсуф Кадыр хан Ысыккөлдүн тескейиндеги Барскан ш-н ж-а Узбанды бийлеген бек болгон. Болочок аалым Кашкар, Бухара, Багдад ш-нан билим алган. 11-к-дын 50-жылдарынын экинчи жарымынан түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып (печенег, кыпчак, огуз, тухси, ягма, кыргыз, аргу, ябаку ж.б.), алардын тилинин диалектикалык өзгөчөлүк-төрүн ж-а жалпылыктарын иликтей баштаган. Анын «Китаб жавахир ан нахв фи лугат ат-түрк» («Түркий тилдер тууралуу синтаксистин маңыздары») китеби ж-а «Китаб диван лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы китеби») аттуу эмгектери белгилүү. Экинчи китеби («Диван лугат ат-түрк» бизге жеткен. Бул сөздүктө кыргыз ж. б. түрк элдеринин тарыхы, этнографиясы, тили, фольклору, геогр. ж. б. б-ча өтө баа-луу маалыматтар арбын. М. К-нин качан ж-а кайсыл жерде өлгөндүгү белгисиз. МАХМУД ХАН (1463/64–1508) – 1487–1508-ж. Мавераннахрды бийлеген могол ханы. Чагатай тукумунан; Юнус хандын тун уулу. Атасындай маданияттуу болгон. Ыр жазган. Шаардык турмушту жактырып, аскер ишине жөндөмсүз болгон. М.х. Мавераннахрды көпкө бийлеген эмес, Шейбани хандын кысымы м-н хандыктан түшкөн. Өз ээликтерин кайтарып алуу аракеттери ишке ашпай, туткунга түшүп, кийин бошотулган. Ал Моголстандын чыгыш бөлүгүн уруулаштарына берип, өзү Жетикентке жайланышкан. 1508-ж. М.х. душмандарынын курчоосунда калып, Мавераннахрга кайтууга аргасыз болгон, ал жерден Шейбани хандын буйругу м-н өлтүрүлгөн.