МЕТАФИЗИКА

МЕТАФИЗИКА (гр. meta ta physika — физикадан кийинки) — болмуштун сезимге чейинки принциптери (тажрыйба аркылуу таанып — билүүгө болбогон) жөнүндөгү философиялык окуу. М. термини Аристотелдин философиялык мурастарынын бөлүктөрүнүн белгилениши катары биздин заманга чейинки 1-к-да пайда болгон ж-а сөзмө сөз «физикадан кийин эмне келип чыгарын билдирет» деген түшүнүктү туюнтат. Аристотелдин ишеними б-ча бардык илимдер үчүн милдеттүү өзүнүн философиялык окуусу «биринчи философиянын» маанилүү бөлүмү, кыязы жогорку, сезүү органдары үчүн жетишсиз болгон, акыл м-н гана жетишилген ж-а бардык жандуулардын өзгөрбөс башатын изилдейт. Ушул мааниде М. термини кийинки философияларда колдонулган. Жаңы мезгилде М-ны диалектикага каршы ыкмасы катары таанып билүүдө бир тараптуулуктун натыйжасы катары, буюмдар ж-а кубулуштар каралган учурда бири-биринен көз карандысыз ж-а өзгөрбөөчү катары түшүнүү келип чыккан, жаратылышта ж-а коомдо өнүгүү булагы катары ички карама каршылыкты танат.