МИНУСА ОЙДУҢУНДАГЫ «КЫРГЫЗ» ТОПОНИМДЕРИ

 Минусин ойдуңундагы кыргызга тиешелүү аталыштар. Бул жерде талаа маданиятындагы көчмөндөрдүн аңчылык ж-а балыкчылыкты кесип туткан токой элдеринен айырмасы чоң болгон. Мис., орто кылымдарда кыргыздар иштеткен эгин талаалары «хыргыс тарлаглары», «кыргыз тегирмендери» деп аталган. Кыргыздар балыкты «суг хурты» (кыргыз тилинде – суу курту) деп, иренжип жешчү эмес. Балыктан арылуу максатында курулган суу арыктары бүгүнкү күнү да «хыргыс кообы» деп аталат. Мындан сырткары, хакастарда «хыргыстын хыргычы» – «кыргыз эрдиги» деген сөз айтылары маалым. Ал эми моңгол тилдүү элдерде «хыргыс» сөзү «каардуу», «жаалдуу» деген маанини билдирет. 19-к. белгилүү хакас окумуштуусу, проф. Н. Ф. Катанов: «Менин бабаларым чыккан сагай уруусу кара кыргыз аттуу түрк элинин урпактары болот», – деп жазган. Минуса ойдуңундагы кыргыздарга таандык жер-суу аттары б-ча айрым маалыматтар: Хыргыс-Хакасиянын Россияга бириктирилишине чейинки аталышы; Хыргыс аргылары – Уйбат ж-а Бидна дарыяларына улап салынган байыркы кыргыз каналдары; Хыргыс аргычагы – Аскиз аймагындагы Ары-Таг тоосунун жанындагы байыркы суу аккан кыргыз арыгы; Хыргыс ахчалыг хыр (кыргыз тыйындары табылган дөбөлөр) – Ак Июс дарыясына жакын жердеги жез тыйындар табылган дөбөлөр; хыргыс көдреси (кыргыз сазы) – тарыхый-фольклордук маалыматтар б-ча Ус дарыясына жамаатташ аталган аймактарды кыргыздар мекендешкен; хыргыс көшкен хол (кыргыздар көчүп өткөн бел) – Мрасу дарыя-сынан Кобырда дарыясынын чатына чейинки тоонун бели. 1703-ж. Жуңгарияга кыргыздар аталган бел аркылуу зордоп көчү-рүлгөн; Хыргыс көлү (Кыргыз-Көл) – Чулум дарыясына жакын жайгашкан көл. Минусадан келген кыргыздар аталган көлдүн жанында кыштымдардан салык жыйнашчу; хыргыс Кообы (Кыргыз арык) – Бейка дарыя-сына туташ салынган байыркы кыргыз каналы; хыргыс орамнары (кыргыз көчөлөрү) – Табат, Кара Июс дарыяларынын ойдуңуна орто кылымдардагы кыргыздар тарабынан салынган дөбө ж-а аң түрүндөгү ата-йын курулган коргонуу чектери; Хыргыс Пили (Кыргызбел) – Божье дарыясына чукул орун алган ашуу; Хыргыс-Суг (Кыргызсуу): 1. Кичи Абакан дарыясынын куймасы. Бул жерде аң уулаган хакастарды алтайлыктар азыр да кыргыздар деп аташат; 2. Енисейдин сол куймасы Кыргыс-Суг деп аталат; 3. Хол дарыясынын оң куймасы; хыргыс сөөктери (кыргыз бейиттери) – кыргыздардын көрүстөн-эстеликтери Хакас-Минуса ойдуңунда он эки жерден табылган. Бул эстеликтерди хакастар «кыргыз жоокерлеринин бейиттери» деп аташат; хыргыс сыххан чол (кыргыздар чыккан жол) – Кобырза дарыясынын жогорку агымындагы Хакасиядан Шорияга ашып өтчү жол (Таштып аймагы); хыргыс сынрады – Минуса ойдуңундагы кыргыз көрүстөндөрү; Хыргыстар аалы (кыргыздар айылы) – Абакан, Ниня дарыяларынын ойдуңунда жайгашкан үч айыл; хыргыс тогынган чир (кыргыз өндүрүшү жайгашкан жер) – Июс дарыясынын аймагынан көп сандаган күл дөбөлөр, көмүр табылган. Тарыхый булактар бул жерде кыргыздар темир иштетишкендигин баяндайт; Хыргыс узанган жер (кыргыз устаканалары) – Тея дарыясынын өрөөнүндө; Хыргыз хара суг (кыргыз булактары) – Көксө дарысынын өрөөнүндө; Хыргыс чолы (кыргыз жолу): 1. Базин Бейка дарыясына туташ казылган байыркы канал; 2. Камышта дарыясына жакын жердеги байыркы канал; 3. Аскиз дарыясынын оң жээк тарабындагы байыркы кыргыздардын сугат каналы. Бул канал Харахач тоосуна чейин жеткирилген; сугат каналдары жогорку геодезиялык ж-а арифметикалык тактыкта курулган; хыргыс Чул (кыргыз өзөндөрү) – Минуса ойдуңунда жогорудагыдай ат м-н алты өзөн белгилүү; хыргыс чазы (кыргыз талаасы): 1. Абакан дарыясы аркылуу Тея ж-а Аскиз дарыяларынын куймаларына чейинки аймактын аталышы; 2. Божье айланасындагы түздүктүн аталышы; хыргыс чурты (кыргыз журту): 1. Рейнголь көлүнүн жанындагы жердин аталышы; 2. Уйбат дарыясынан Капчалыга чейинки жердин аталышы ж.б.