«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ

«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ – эмгекчилердин массалык патриоттук кыймылы. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында «Бардыгы майдан үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!» деген партиянын чакырыгы б-ча пайда болгон. Согуш мезгилинде соц. мелдештин тапшырмасын ашыгы м-н аткаруу, чыгарылган буюмдун   156 сапатын жакшыртуу, анын өздүк наркын төмөндөтүү, майданга кеткен жумушчулардын ордуна жаңы жумушчуларды даярдоо максатында жүргүзүлгөн мелдештин жаңы көрүнүшү болуп эсептелген. Күнүнө 10дон норма аткарган биринчи «М.» к. 1941-ж. күз айларында пайда болгон. Төмөнкү Тагилдеги вагон куруучу заводдо иштеген Д. Босыйдын демилгесинен кийин «М.» к. массалык кыймылга айланган. Фрунзедеги а. ч. машина куруу заводунун темир устасы М. Т. Чернышев Кыргызстандагы «М.» к-н биринчилерден болуп колдоп чыккан. Ал 1942-ж. мартта күнүмдүк нормасын 10 эсе ашык аткарган. Анын демилгесин заводдун бардык эмгек жамааты колдогон. З. Алымкулов, Ж. Мамбетовдор 1942-ж. мартта күнүнө 12 нормадан (1166%) аткарууга жетишкен.