МОГОЛДОР ДӨӨЛӨТҮ

МОГОЛДОР ДӨӨЛӨТҮ, У л у у М о г о л д о р д ө ө л ө т ү – Индияда 1526-ж. Дели султандыгынын ордуна пайда болгон мамлекет. Негиздөөчүсү – Тимурийлердин урпактарынын бири, өзбектер тарабынан куугунтукталган Захреддин Бабур болгон. Ооганстанга качкан Бабур өзү м-н кошо барган түрктөрдүн ж-а жергиликтүү ооган уруу-ларынын жардамы м-н 1525-ж. Дели сул-тандыгына чабуул коё баштаган. 1527-ж. Раджпут мамл-н моюн сундуруп, Индостан жарым аралына толук ээлик кылып калат. Бабур көз жумган соң такка уулу Хумаюн олтурган. Моголдор жеңип алган жерлерге башкаруунун, аскердик түзүлүштүн жаңы ыкмаларын алып келишкен. Акбардын тушунда (1556–1605) Улуу Моголдор дөөлөтү күч-кубаттуулугунун чегине жеткен. Ал башкаруу ж-а финансы тармагында бир катар реформаларды турмушка ашырган, мамлекеттин чегин бир кыйла кеңейтип, козголоң чыгарган аймактарды аёосуз жазалаган. Жахангирдин (1605– 28), Жахан-шахтын (1628–58) тушунда мамл. башкаруу бошоңдоп, жер-жерлерде козголоңдор чыгып, чет жакадагы жашаган элдердин нааразылыгы күчөгөн. 1858-ж. Англиянын Ост-Индия компаниясы ыдырай баштаган мамлекетти аз сандуу күч м-н жеңип алган.