МОГОЛДОР

МОГОЛДОР – соңку орто кылымдарда Чагатай улусунун (Моголстан) чыгыш бөлүгүн мекендеген түркмоңгол уруулары. Чыңгыз хандын империясы түзүлгөндөн тартып моңголдордун башкаруучу ж-а аскердик төбөл-дөрү бири-бирине каршы эки топко бөлү-нүшкөн. Моңголдордун тиричилигин, каада-салтын ж-а көчмөн турмушун жактагандар Чагатай улусунун түндүк-чыгышында, негизинен Жетисууда орун алышкан. Борбордошкон мамл. курууну, а. ч-сын, сооданы ж-а шаар маданиятын өнүктүрүүнү жактагандар Мавераннахрда жайгашып, чагатайлар деген атты сактап калышкан. Эки тарап келишпегендиктен, бири-бирин кемсинтип, чагатайлар М-ду жете («каракчы»), М. чагатайларды – караунас («аргын») деп атаган. Моголстан өз алдынча мамл. болуп бөлүнүп чыккан мезгилде Чагатай улусунун калкы дээрлик түрктөшүп калган. Мурда могол термини түрктөшкөн М-го карата гана айтылып келсе, эми тек-жайына карабастан Моголстандагы уруулардын бардыгы өзүлөрүн могол деп атай башташкан. Могол этноними Моголстандын бардык калкынын жалпы атына айланган. «Кыргыздар могол урууларынан болсо да хакандарга баш ийбегендиктен, моголдордон   157 бөлүнүп кетти. Ушунун айынан моголдор эми жаралгандын эң азыраагы ж-а эң алыскысы болуп калды», – деп жазат Мухаммед Хайдар. Натыйжада, 15–16-к-да М. этностук жалпылыкка караганда саясий жалпылыкты көбүрөөк туюндурган. Моголстан мамл-нин саясий жактан начарлашы м-н могол уруулары башка элдерге (кыргыздарга, казактарга, өзбектерге) сиңе башташкан. 16-к-дын 2-жарымында могол урууларынын чоң бөлүгү М. деген ат м-н кыргыздардын оң канатынын курамына кирген. Кыргыздар Моголстандагы элдерди, урууларды өзүнө сиңирип алуунун эсебинен өскөн ж-а саясий түзү-лүшүн бекемдеген.