Мухаммад пайгамбардын өмүр баяны

Инсан Жараткандын алдында ыйманы, дини менен бийик болот. Инсан түбөлүк бактылуулукка дагы ыйманы, дини менен жетет. Башкача айтканда ыйманыбыз, динибиз биз үчүн баардыгынан кымбат. Ушул эң кымбат динибизди Жараткан пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) аркылуу бизге белек кылган. 18 миң ааламдын жаралышына себепкер, жаратылгандардын ичинен Алла Таалага эң сүйкүмдүү болгон пайгамбарыбыз тууралуу билүү жалпы үммөттүн мойнундагы милдети. Адам ар учурда, мейли тамак ичүүдө болсун, кийинүүдө болсун, же мамлекет башкарып эл менен мамиле түзүүдө болсун пайгамбарыбыздан эң чоң үлгү, өрнөк ала алат. Жана бул үлгү адамдын ден-соолугуна, рухуна, ыйманына, жашоосуна, ырыскысына, акыретине өтө чон пайда жеткирет.

Китеп кайталап окуган сайын жаңы сырлары ачылып, Мухаммад пайгамбарыбыздан өткөн өрнөк алчу кишинин жоктугун ырастап, Жаратканга жана анын өкүмдөрүнө, пайгамбарыбызга жана анын сүннөттөрүнө махабатты арттырат.

Жашоосун ирээттегиси келип, динин үйрөнүүнү каалаган, Жараткандын ыраазычылыгын таап, улуу адамды кумир тутуп жашагысы келгендер үчүн окууга зарыл болгон китептердин биринчиси.