МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы – Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-ж. 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясына өзгөр-түүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп, сунуштарды иштеп чыккан. Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын соста-вындагы М. Ч. Ж.; сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын составын-дагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 58-статьяда көрсөтүлгөндөй М. Ч. Ж-дын бийлик-укугуна төмөнкүлөр кирет: мыйзамдарды кабыл алуу; өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; мыйзамдарга официалдуу түшүнүк берүү; эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо; аскер наамдарын, дипломаттык, даражаларды, класстык чиндерди башка атайын наамдарды белгилөө; мунапыс жарыялоо; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо; контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын, орун басарын жана анын аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу; Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу ж. б. 63-статъяга ылайык, М. ч. ж. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылышы мүмкүн. 1995-ж. 5- февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык кеңешменин иштеп чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.