МЫЙЗАМ

МЫЙЗАМ – кеңири мааниде бардык нормативдик-укуктук актылар, мамлекет белгилеген жалпыга милдеттүү бардык  эрежелер. Укуктук мааниде мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлдүк органы тарабынан же жалпы калктын өз эркин  тикелей билдирүүсү аркылуу (мис. Референдум) кабыл алынып, өтө маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу  нормативдик акт. М. мааниси боюнча конституциялык жана жөнөкөй болуп бөлүнөт. Конституциялык М.  конституциядан, конституцияга өзгөртүү киргизүү максатында кабыл алынган. М. коомдук жана мамлекеттик  түзүлүшүнүн негиздерин М. түрүндө бекемдейт. Жөнөкөй М-га кодекстештирилген М. жана учурдагы М. кирет. М.  чыгаруу ишмердиги ар башка өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Ошентсе да жалпыга бирдей тиешелүү кээ бир белгилери бар:  мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү, мыйзам долбоорун парламенттик комитеттерде талкуулоо, мыйзамды кабыл алуу  жана аны жарыялоо. Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу бийлик бул Жогорку Кеңеш, анын Мыйзам чыгаруучу жыйыны  жана Эл өкүлдөр жыйыны.