МҮНӨЗДӨМӨ

Мүнөздөмө жетекчилик тарабынан мекеме, уюм, ишкананын кызматкерине
берилген расмий документ болуп саналат. Анда кызматкердин же адистин кесиптик, коомдук, илимий ж.б. ишмердиги, ошондой эле ишмердик жана моралдык сапаттары чагылдырылат. Мүнөздөмө адистин суранычы боюнча атайы окууга кирүү, башка ишке которулуу, кызматтык жогорулоо, сунуштоо максатында жазылат.
Мүнөздөмөнүн мазмунунда ишти качан баштаганы, ишиндеги  жылышуулары, артыкчылыктары, билимин өркүндөтүшү боюнча маалымат камтылып, сыйлыктарына (эгер болсо, жазаларына) түшүндүрмө берилет. Мүнөздөмөнүн жазылыш максаты, мүнөздөмө жөнөтүлө турган мекеменин аты жазылып, мүнөздөмөнү берген жетекчилердин колу коюлуп, мөөрү басылат.
Мүнөздөмө-сунуш кызматкерге иштеген мекеме тарабынан атайын жазылып,
мүнөздөмөдөгү маалыматтарды камтыйт жана жалпы чогулушта бекитилет.
Көп учурда чет мамлекетке чыгармачыл өргүүгө же башка себептер менен
жөнөтүү үчүн же башка тепкичтеги кызматка которулуу, сунуштоо үчүн жазылат.
Мүнөздөмөнүн аягында чогулуштун кайда, качан, кимдердин катышуусу менен өткөнү, жетекчилердин кызматы, аты-жөнү, колу, даталары менен көрсөтүлөт. Эгер фирмалык бланкта жазылса, мөөр басылбайт. Жөнөкөй кагазда жазылса мөөр басылат.

 

Үлгү:

 

Кыргыз мамлекеттик
юридикалык академиясынын
укук жана башкаруу
факультетинин методисти,
1979-жылы туулган, улуту
кыргыз, жогорку билимдүү
Жумабекова Гүлкайырга

Мүнөздөмө

Гүлкайыр Жумабекова 2005-жылдан бери Бишкек шаарындагы Кыргыз
мамлекеттик юридикалык академиясынын Укук жана башкаруу факультетинде
методист болуп эмгектенип келе жатат. Ал иштеген учурда өзүн ишин мыкты
билген, такшалган адис катары көрсөттү.
Г. Жумабекова университеттин коомдук иштерине активдүү катышат. Ал берилген ар бир тапшырмага жоопкерчилик менен мамиле кылат.
Кесиптештерине дайыма жардам берүүгө даяр, аларга камкордук менен мамиле
кылат. Гүлкайыр Жумабекова кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ.
Ал республикалык илимий-теориялык конференцияларга катышкан. Орус жана
англис тилдерин мыкты билген адис.
Учурда окутуунун методикасы боюнча кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштеп жатат.
Мүнөздөмө талап кылынган жерге берилди.

Ректор: …………………………. Керезбеков К.
Декан: ………………………… Мусалиева А.
10.03.201