ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА

ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА – башкаруунун республикалык формасы. Конституцияга (же өткөөл этапта –  монархтык бийликтен баш тартуусу, Улуу Француз революциясынын учурунда Уюштуруу чогулушунун токтому  сыяктуу актыларга) ылайык жогорку бийлик парламентке тиешелүү. Парламент өз алдынча министрлер кабинетин түзөт,  премьерди шайлайт, конституциялык көзөмөлдүн органдарын жана башка мамлекеттик институттарды дайындайт.  Эреже катары, азыркы П. р-да парламент президентти да шайлайт. Ал негизинен өкүлчүлүк жана кеңеш берүүчүлүк  функцияларын аткарат, андан тышкары парламенттин ишмердүүлүгүнүн конституциялык нормаларга ылайыктуулугун  көзөмөлгө алат. П. р-га мүнөздүү өзгөчөлүк – өкмөттүрдөн стабилсиздиги. П. р-да чыныгы бийлик парламентте  көпчүлүктө түзгөн партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн өкмөткө жана өкмөт башчыга (премьер-министр) тиешелүү болот.  Мындай өлкөлөрдөн катарына Италия, Австрия, Швейцария, Ирландия, Индия ж. б. кирет. Кээ бир өлкөлөрдө (Франция,  Финляндия, Португалия) президенттик республика менен П. р-нын белгилерин камтыган «аралаш» башкаруу формасы  бар. Кыргызстандагы башкаруу формасы буга көбүрөөк окшошот: жалпы эл тарабынан шайланган президент мамлекет  башчысы болуп эсептелет, ал эми өкмөттүн ишин премьер-министр башкарат.