Педагогика башка илимдер менен өз ара байланыштуулугу

Педагогика башка илимдер менен өз ара байланыштуулугунун натыйжасында “кошунду” дисциплиналар пайда  болду. Мис., педагогиканын социология менен биригүүсү (педагогикалык социология), психология менен кошундусу  (педагогикалык психология), медицина менен биригүүсү (дарылоо педагогикасы), искусство таануу менен кошундусу (театрдык, музыкалык педагогика), укук таануу менен биригүүсү  түзөтүү (эмгек педагогикасы), аскердик билимдер  менен биригүүсү (аскер педагогикасы) ж. б. “кошунду” дисциплиналарды пайда кылды. Ошентип, педагогикада жалаң  эле дифференциациялоо процесси гана эмес, о. эле бардык башка илимдердегидей эле дисциплиналарды интеграциялоо  (бириктирүү) процесси да орун алат. Педагогиканын методологиялык негизи болуп илимий философия, диалектикалык  жана тарыхый материализм эсептелет. Философия педагогиканы таанып-билүүнүн жалпы теориясы менен камсыз кылат.  Коомдук өнүгүүнүн закондору жөнүндөгү окуу тарбиянын объективдүү социалдык процесс экендигин баамдап билүүгө  мүмкүндүк берет; илимий логика педагогикалык кубулуштардын татаал диалектикасын изилдөөгө жол ачат; дүйнөнү  чагылдыруунун материалисттик теориясы, дал ошол теориянын өңүтүндө билимдерди өздөштүрүүнүн жана окутуунун  закон ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө мүмкүндүк берет; мораль жөнүндөгү окуу адептикке тарбиялоо теориясынын  идеялык негизин түзөт.

Азыркы шартта педагогика илиминин түрдүү тармактары боюнча эң баалуу материалдар жана тажрыйбалар  топтолуп жатат; педагогикалык изилдөөлөрдүн масштабы жана саны кескин өсүүдө, педагогикалык информациялардын  агымы күчөп жатат. Бирок, педагогиканын айрым бөлүмдөрүндөгү жана тармактарындагы иштелмелердин ашыкча  автономдоштурулгандыгынын натыйжасында жеке изилдөөлөрдүн корутундулары жалпы теорияда чагылдырылбай  келүүдө. Бул кемчиликтерди жоюу педагогиканын керектүү милдеттеринин бири жана анын мындан аркы өнүгүшүнүн  шарты болуп эсептелет.