ПРОТОКОЛ

Протокол маанилүү жана көп киши катышкан жыйындын, чогулуштун, конференциянын же бир олуттуу маселе талкуулаган атайын отурумдун өткөрүлүшүн, андагы катышкан адамдардын сүйлөгөн сөзүн жана кабыл алынган чечимин же токтомун баяндаган документ болуп эсептелет. Протокол толук жана кыскартылган түрдө жазылышы мүмкүн. Кыскартылган түрүндө чогулуштагы талкуу бөлүгү алынып салынат да, ал маселе боюнча кабыл алынган чечим гана жазылат.
Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
1. Киришүү бөлүгү;
2. Негизги бөлүгү.
Бул расмий кагаз ушундай чогулуштун кайда, качан өткөрүлгөндүгү, катышкандардын саны менен жеке аты-жөнү, жыйындын төрагасы, катчысы жана күн
тартибин көрсөтүү менен башталат. Бул протоколдун кириш бөлүгү.
Протоколдун негизги бөлүгү төмөнкү үч бөлүктөн турат.
УГУЛДУ бөлүгүндө баяндама жасаган адамдын аты-жөнү, кызматы, илимий
ж.б. даражасы көрсөтүлүп, ал жасаган билдирүүнүн темасы жана анын мазмуну
кыска, даана текст менен жазылат. Эгер баяндама даяр болуп, жыйындын катчысына өткөрүлүп берилсе, «баяндама тиркелет» деп көрсөтүп коюлат.
ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР бөлүгүндө жасалган баяндамага, билдирүүгө
карата жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзү жазылат, алардын оюн бурмалоого же ыксыз кыскартууга жол берилбейт. Берилген суроолор, аны ким бергендиги, аларга алынган жооптор дагы жазылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ бөлүгүндө маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча
алынган чечим жазылат. Керек учурда колдогон, каршы, калыстардын саны көрсөтүлөт.
Протоколдогу кабыл алынган токтом жыйындын төрагасы менен катчысы кол
коюп, мөөр басылгандан кийин гана күчүнө кирет.

 

ҮЛГҮ:

 

«Азат» ААКынын
Директорлор кеңешинин жыйынынын

№ 12 П Р О Т О К О Л У

15.04.2011 Бишкек ш.
Төрагасы: С. М. Дыйканов
Катчысы: Р. Т. Аманов
Катышкандар: директорлор кеңешинин 8 мүчөсү: А. И. Астранов, Г. Ж.
Закирова, К. Т. Биримкулов, Ж. Н. Жаныбеков, С. Б. Асеков, А. К. Байзаков, Д. О.
Жалилов, С. М. Дыйканов.
Келбегендер: –
Күн тартиби:
1. Акционердик коомдун филиалын Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында
уюштуруу жөнүндө. Баяндамачы – С. Асеков.
2. Уюштуруу иштери.
Угулду: С. Асеков – баяндаманын кыскача мазмуну.
Чыгып сүйлөгөндөр:
А. Байзаков – баяндаманын кыскача мазмуну.
Д. Жалилов – баяндаманын кыскача мазмуну.
Токтом кылынды:
1. 2011-жылдын 5-июнуна чейин филиал ачууга байланыштуу бардык
документтер даярдалсын (жооптуу – Б. Алиева).

2. 2011-жылдын 25-майына чейин директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айрым
сунуштары бизнес-планга киргизилсин жана филиалдын толук бүткөн бизнес-планы ишке ашырууга даяр түргө келтирилсин (жооптуу – С. Асеков).