РЕАЛДУУ АБСТРАКЦИЯ

РЕАЛДУУ АБСТРАКЦИЯ — адамдын тиричилигинен келип чыккан белгилүү түрдөгү тажрыйбаны жалпылаштырган схеманын натыйжасы. Мис., ар түрлүү ченемдин системалары, акча, тилдин түзүлүштөрү, укук нормасы. Реалдуу абстракциялар тиричиликтин улам татаалдаштырылган түрлөрүнөн, тарыхый процессте адам тарабынан иштелип чыккан. Алар ар кандай социалдык топтордун ортосунда, этникалык, экономикалык, маданий байланыштардын кеңейишинен пайда болот. Р. а-да адам м-н болгон байланыш, анын жөндөмү, күчү, сапаттары м-н болгон байланыштар жоголот да алар адамдын үстүнөн караган схемалар, социалдык түзүлүштүн механизми болуп калат. Философияда Р. а. логикалык планда изилденген, (Платон, Гегель ж. б.). Акыркы эки кылымда адамдын жашоосунда реалдуу абстракцияларга кызыгуу күчөп жатат. (Дюрхгейм, Юнг).