РЕВОЛЮЦИЯ

РЕВОЛЮЦИЯ – коомдун саясий турмушундагы түп тамырынан бери болгон көңтөрүш; анын жүрүшүндө мамлекеттик  бийликтин жана менчиктин үстөмдүк кылган түрүнөн алмаштырылышы ишке ашат. Р. жаңы, прогрессивдүү түзүлүшкө  өтүү, экономикалык жана саясий турмуштун эскилиги жеткен структураларын тез арада жана чечкиндүү түрдө жок  кылуу менен коштолот. Р. – конкреттүү-тарыхый кубулуш. Коомдо адамдардын чоң социалдык топторунун ортосундагы  антагонисттик терең карама-каршылыктардын болушу менен шартталат. Таптык өзгөчөлүктөр, карама-каршылыктар  жеңилген учурда, Р. социалдык эволюцияларга орун бошотуп беришет. Р-нын өзгөчөлүгү төмөнкүдө: анын негиздери  жана максаттары саясий эмес, экономикалык чөйрөдө, материалдык жыргалчылыктарды өндүрүү ыкмасында жатат.  Жаңы саясий бийлик экономикалык зарылчылыкты ишке ашырып, менчик менен коомдук продукту өндүрүү,  бөлүштүрүү жана керектөөнүн ортосундагы мамилелерди эски системасын өсүп жаткан өндүрүш күчтөрүнө ылайык  келтириши керек. Р. эски коомдун ичинде экономикалык даярдалган учурда гана ийгиликтүү болоорун; бир актылуу  процесс эмес, кайра баш тартуулар, саясий бийликти кайра калыбына келтирүүлөр, жеңүүчү таптын бир фракциясынан  экинчисине өтүп турган узак убакытка созулган процесс экендигин тарых далилдеди. ХХ–ХХI к. чегинде таптык  күрөштүн, кандуу Р-нын тарыхый чектери пайда болду.

Азыркы шартта куралдуу күч менен саясий бийликти тартып  алуу, граждандык согуш, элес албаган жаман кесепеттерге алып келип, айрым өлкөнүн чегинен чыгып кетиши мүмкүн.  Өткөн мезгилде Р-нын кыймылдаткыч күчү болуп пролетариат чыккан. Тажрыйба көрсөткөндөй саясий бийликти басып  алган таптын, партиянын же жеке адамдын диктатурасы болобу, бардык түрдө чыныгы Р-нын максаттарына шайкеш  келбейт. Ошондой эле ал эркиндик жана демократия принциптерине туура келбестен, жеңилүүгө дуушар болот.  Ушундай эле натыйжага түрдүү путчтар сыяктуу, элге таянбаган, ага каршы туруп, ажыраган, «жогору жактан жасалган  революциялар» да алып келет. Социалдык, илимий-техникалык, технологиялык, демографиялык ж. б. революциялар  сыяктуу эле саясий Р. ар тараптан изилдөөнү тажрыйбаны жана реалдуулукту эске алуу менен жаңыча ойлоону талап  кылат.