РЕГИОНАЛДЫК КООПСУЗДУК

РЕГИОНАЛДЫК КООПСУЗДУК – жалпы коопсуздуктун составдык бөлүгү; Жер шарынын бул же тигил регионуна  таандык; суверендүү, көз карандысыз жашоосуна тыштан согуш жана башка коркунуч туулбагандай өлкөлөрдүн тобунун  ортосундагы мамилелердин абалы. Р. к. эл аралык коопсуздуктун жалпы белгилерине ээ болуп, эл аралык жана улуттук  коопсуздук менен үзгүлтүксүз байланышта; бир эле убакта ага бир катар атайын белгилер менен өзгөчөлүктөр,  системалык элементтердин өздүк набору, проблемалар жана аны чечүүнүн ыкмалары таандык. Бул болсо Р. к-ка  белгилүү өз алдынчалыкты берет. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына (52-статъя, 1-п.) ылайык, регионалдык  келишимдер жана органдар эгер алар жана алардын ишмердүүлүгү БУУнун максаттары жана принциптери менен  айкалышкан учурда гана түзүлө алат. Бул уюмдардын компетенциясына региондо коопсуздукту камсыз кылуу, талаштартыштарды жана конфликттерди тынчтык жолу менен чечүү, курал-жаракты кыскартуу жана куралсыздандыруу  маселелеринин чечилишине көмөк көрсөтүү кирет. Коопсуздуктун диалектикасы азыркы дүйнөнүн, ядролук – космостук  кылымдын чындыгын чагылдырууда таанылган. Мындай чындыктардын бири мамлекеттердин өз ара көз  карандысыздыктары жана адамзат социалдык феномен катары, коом, жаратылыш, адамдын ортосундагы глобалдуу өз  ара байланыштардын белгилүү жалпылыгы катары дүйнөлүк коомчулуктун биримдүүлүгү. Мындай дүйнөнүн  биримдүүлүгү эл аралык коопсуздуктун ажырабастыгын, элдердин аны бекемдөөдөгү жалпы кызыкчылыгын аныктайт.  Эл аралык коопсуздуктун концепциясы ошол эле мезгилде азыркы дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн, анын бөлүнгөндүгүн,  бирикпегендигин эсепке алууга чакырат. Эки жүзгө жакын түрдүү типтеги мамлекеттер кошуна жашашат. Бул көп  түрдүүлүк мамлекеттик максаттар менен кызыкчылыктардын объективдүү түрдүүлүгүн, түрдүү таптардын жана  элдердин улуттук приоритетин шарттайт. Бул өзгөчөлүктөр жана артыкчылыктар карама-каршы коюлбастан эл аралык  мамилелердин практикасында тынчтык жол менен ишке ашырылган. «Жалпы саясий бөлүүчү», бул тармактагы түрдүү  жолдордун келишүүсүнө бирдиктүү негиз болуп бардыгынын коопсуздукту бекемдетүүгө кызыгуусу эсептелет.

 

Р. к-тун  максаты жана милдеттери болуп: 1) эл аралык тынчтыкты жана жалпы коопсуздукту бекемдөөгө жетишүү; 2) региондо  тынчтыкты сактоо үчүн зарыл шарттарды жана өбөлгөлөрдү камсыз кылуу, анда согушка жана куралдуу конфликттерге  жол бербөө; 3) региондун элинин өзүн-өзү аныктоо, көз карандысыздык, ички иштерине кийлигишпөө укуктарын иш  жүзөгө ашырууда зарыл каражаттар менен көмөк көрсөтүү; 4) регионалдык жана улуттук-мамлекеттик мүнөздөгү  маселелердин чечилишин оптималдаштыруу эсептелет. Европа, Азия, Тынч океан регионунда, Жакынкы жана Ортоңку  Чыгышта, Түштүк Африкада, Борбордук Америкада Р. к. ар түрдүүчө түзүлөт. Бирок алардын жалпы тенденциясы –  куралдуу күчтүрдө жана курал-жарактарды чектүү жана кыскартуу тармагындагы прогресс менен байланышкандай  түзүлгөн. Европадагы ядролук жана кадимки курал-жарактардын түрүнөн: танк, бронетранспорт, артиллерия жана  миномёт, күжүрмөн самолёт жана вертолёттордун көп санда кыскарышы көмөк көрсөткөн. Жөн гана регионалдык эмес,  глобалдык маанини жер шарында үч ядросуз зонанын түзүлүшү ойногон. Алар: 1959-ж. Антарктида жөнүндөгү  келишимге ылайык – Антарктидада; 1967-ж. Латын Америкасында ядролук куралдарга тыюу салуу жөнүндөгү  Тлателолка келишимине ылайык – Латын Америкасында; 1986-ж. Ратонгдун келишимине ылайык – Латын  Америкасынын түштүк бөлүгүнө жайгашкан. Р. к. системасында салтка айланган пункттар менен катар геосаясаттык  мүнөздөгү позициялар же жаңы үстөмдүк кылуучу пункттар пайда болот же актуалдаштырышат. КМШ аймагында  Россиянын жамаатташ өлкөлөр менен болгон мамилеси, Европада – анын батыш жана чыгыш бөлөктөрүн АКШ жана  Россиянын өз ара байланыштары; Азия – Тынч океан регионунда – Россия, Кытай, Индия жана Япониянын, ошондой эле  АСЕАН ж. б. топторго кирген мамлекеттердин мамилелери. Эки дүйнөлүк согушту башынан кечирген, «кансыз согуш»  учурунда Чыгыш менен Батыштын каршылашуусу акыркы чекитке жеткен Европада 1975-ж. баштап, Европадагы  кызматташтык жана коопсуздук келишиминин жолу боюнча, мааниси боюнча сейрек кездешүүчү Хельсинки   келишимдери орун алган. Жер шарынын башка аймактарында да коопсуздуктун региондук моделдерин түзүү, аскердик  маселелер боюнча ондогон документтерге кол коюлган. Анын ичинде Россия менен катар Казакстан, Өзбекстан,  Армения, Кыргызстан жана Тажикстан катышкан Ташкенттеги «Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү» (1992-ж.)  келишим. Жалпысынан эл аралык коопсуздук сыяктуу эле Р. к. да элементтери өз ара, “тигинен” жана «туурасынан»  байланышкан системаны түшүндүрөт. Тигинен: улуттук, регионалдык, эл аралык коопсуздук; «туурасынан»: аскердик,  саясий, экономикалык, экологиялык, гуманитардык коопсуздуктар. Азыркы күндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн  саясий чаралар, саясий укуктар, каражат жана ыкмалар менен курч эл аралык, мамлекет аралык, улут аралык жана  дүйнөнүн түрдүү региондорундагы конфессионалдык конфликттерди чечүү алдыңкы планга коюлган (мурдагы  Югославияда, Закавказьеде, Жакынкы Чыгышта).