САЯСИЙ КОММУНИКАЦИЯ

САЯСИЙ КОММУНИКАЦИЯ – саясий ишмердүүлүктү ирээттештирген жана ага жаңыча маани берген, коомдук  пикирди жана граждандардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алган саясий социалдаштырууну  калыптандырган, саясий маалыматтарды берүү процесси. С. к. – бул бардык деңгээлдеги иңдивиддер менен топтордун  ортосундагы, өзгөчө жетекчилер менен аларга баш ийгендердин ортосундагы өз ара саясий маалыматтарды алмашуу  процесси. С. к-ны коомдун саясий системасы үчүн маанисин адамдын денесиндеги кан айлануу системасы менен бирдей  деп салыштырса болот. С. к-нын методдорусуз саясий турмушту элестетүү кыйын. Лидерлер жана аларды жактоочулар  С. к-дан бирдей даражада көз каранды болушат. Адатта С. к-нын үч ыкмасын бөлүп көрсөтүшөт: 1) массалык маалымат  каражаттары аркылуу коммуникация. 2) Уюмдар аркылуу коммуникация. Саясий партиялар же мис., басым көрсөтүүчү  топтор башкаруучу менен башкарылуучулардын ортосунда маалымат берүүчү катары кызмат кылат. 3) формалдуу эмес  контакттар аркылуу коммуникация. Бул ыкма жекече (бетме-бет)байланыштар аркылуу жүргүзүлөт.