«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«Семетей» — кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал айтылуу «Манастын» уландысы эсептелип, үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү катары Манас баатырдын уулунун ысымы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан» кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиш стили жактан элдик оозеки чыгармачылыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит — элдин сезиминдеги сүйүктүү каарманы Манастын оор трагедиясын жеңилдетиш андан ашкан эпикалык көркөм образдын жаралышы менен ишке ашырылган.

Рефератты көчүрүү