СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ – белгилүү саясий максатка жетүү үчүн зордук-зомбулукту колдонуу  даражасы менен айырмаланышкан социалдык кубулуштар. Согуш өзүнүн маңызы боюнча – бул же тигил  мамлекеттердин (таптардын) саясатынын зордук-зомбулук каражаттары менен улануусу. Согуш саясий мазмунга ээ, ал  ички жана тышкы саясаттын бөлүгүн түзөт. Тарых, анын ичинде эки дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы көрсөткөндөй  согуштар, эреже катары, алдын-ала, узак убакыттар бою даярдалат, бул даярдык саясий, экономикалык, аскердик,  дипломаттык, идеологиялык, моралдык-психологиялык чөйрөлөрдө, мобилизациялоо иш-чараларын, чалгындоо  ишмердүүлүгүн өзүнө камтыйт. Согуш өзүнүн айырмаланган, өзгөчө мазмунга ээ; бул ролдо чыгуучу куралдуу күрөш –  саясий жана аскердик максаттарга жетүү үчүн мамлекеттин куралдуу күчтөргө же куралдуу отряддарды элдик башка  бирикмелерди уюмдашкан түрдө пайдалануу болуп эсептелет. Куралдуу күрөш саясат тарабынан саякцияланбаган  формаларда (айрым аскердик кагылышуулар, аскердик инциденттер, террористтик акциялар) жүрүшү да мүмкүн; андан  тышкары айрым мамлекеттердин ортосунда жана алардын ичинде согуштун жалпы абалынын жоктугуна карабай  саясатташтырылган куралдуу конфликттер пайда болуп, орчундуу орун алуусу мүмкүн. С. ж. к. к. жалпылык – саясий  шартталгандык жана куралдуу зордук-зомбулуктун жардамы менен карама-каршылыктарды чечүү ыкмасы. Алар өзүнүн  саясий жана стратегиялык максаттары, себептери, масштабдары, куралдуу күрөштүн каражаттары, узактыгы, согуштук  аракеттерди жүргүзүүнүн формасы жана ыкмалары менен айырмаланышат. Көбүнчө куралдуу конфликттер этностор  аралык жана таптар аралык негизде, мамлекеттик чек араларда аймактык бүтүндүүлүктү бузуу, суверенитетке залал  келтирүү ж. б. байланыштуу келип чыгышат. С. ж. к. к-тин токтотулушу, алар менен байланышкан маселелердин  чечилиши мамлекеттик деңгээлде, дипломаттык жол менен, үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдардын жардамы менен  иш жүзөгө ашат; акыркы убакта регионалдык жана локалдык С. ж. к. к. зоналарында абалды нормалдаштырыш үчүн  ынтымакташуу, элдешүү саясаты колдонулууда. Куралдуу конфликттин коркунучу анын көпчүлүк учурда  катышуучуларынын составын кеңейтүү, масштабын интернационалдаштыруу, кеңири саясий максаттуу согушка өсүп  жетилүү тенденцияга, созулуңку мүнөзгө ээ болушунда жатат. 1990–91-ж. Персия булуңундагы согуштук окуялар  көрсөткөндөй, мындай түрдөгү С. жана к. к-тер айтып бере алгыс саясий, социалдык-экономикалык, экологиялык залал  келтирүүчү массалык жок кылуу куралдарын колдонуу коркунучу келип чыгат. Демек, куралдуу конфликттер менен  согуштардын ортосунда айырмачылык шарттуу гана болуп бара жатат. Бирок С. ж. к. к. социалдык-саясий жана  согуштук-техникалык белгилер боюнча илимий классификациясы негизинен өзүнүн принципиалдык маанисин сактоодо.  С. ж. к. к-те эки фактор: адамдар жана курал өкүм сүрөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө турмуштан бул социалдык  кубулуштарды алып салуунун радикалдуу жолу чечкиндүү түрдө куралдуу күчтөрдү жана куралдарды кыскартууда жана  куралсыздандырууда, эл аралык мамилелерди демилитаризациялоодо, бардык мамлекеттер тарабынан тынчтык саясатын  жүргүзүүгө жатат.