ТААНЫМДЫН ТАБИЯТЫ (ЖЕ ГНОСЕОЛОГИЯ)

 

Гносеология (грекче gnosis — таанып-билүү жана logos — окуу) — тааным теориясы, башкача айтканда, адам дүйнөнү кандайча таанып-билээрин, билим кантип жаралаарын, анын шарт-жагдайын жана чек-кыйырын иликтеген окуу. Термин катарына XVIII кылымда кошулуп, XIX кылымдын орто ченинен философиянын өзүнчө тармагы, бөлүгү иретинде карала баштаган. Иш жүзүндө таанымдын теориясы (гносеология) мындай ат ала электе эле, Байыркы грек философиясында тамырлап, өнүгө баштаган. Биринчи кезекте бул Платонго (ири алдыда анын идея жөнүндөгү окуусуна) тиешелүү.

Рефератты көчүрүү