ТАРБИЯ

ТАРБИЯ (Воспитание) — өнүгүп келе жаткан адамга коомдун таасир бериши. Кең мааниде бул термин адамзат топтогон маданий баалуулуктарды максатка багытталган муундарга жеткизүү процесси, б. а. конкреттүү адамдардын аң-сезиминен сырткы объективдүү маданият, субъективдүү, индивидуалдык баамдоодон орун алып, келечекте алардын ой жүгүртүүсүндө, жүрүм-турумунда, сезимдеринде чагылдыруу максатында коомдун функциясы. Тар мааниде ата-эне м-н мектептин тарбиялануучу субъектке таасири. Тарбиянын максатына тарбиялануучунун айрым жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүп, өөрчүтүп, гармониялык бүтүндүккө жеткирүү, коомго ж-а өзүнө керек болгон үй-бүлөөнүн, мамлекеттин, улуттун, рухий баалуулуктарын өздөштүрүү кирет. Ар түрдүү чоң социалдык группалардын тарбия идеалы бири-бирине карама-каршы болушу мүмкүн. Билим берүү м-н тарбия берүү эриш-аркак. Мектеп м-н ата-эненин авторитетин жоготуудан кийин тарбиялануучу өзүн-өзү тарбиялоого өтөт (ага таасир кылган көптөгөн психикалык, эмоциялык, социалдык, профессионалдык мамилелердин негизинде).