ТЕСКЕМЕ

Тескеме ар кандай башкаруу деңгээлиндеги ыкчам чечүүнү талап кылган
маселелерди көрсөтүлгөн мөөнөттө чечүү үчүн жетекчиси тарабынан чыгарылуучу буйрукчул документтин бир түрү. Тескемени биринчи жетекчиден башка да чарбалык, өндүрүштүк, администрациялык иштин ыкчам маселелери боюнча жетекчинин биринчи орун басарлары, башкы адистер, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери чыгарышат. Буйруу таасир этүүнүн чектелген мөөнөтүнө ээ жана аткаруучулардын тар чөйрөсүнө жайылтылат. Тескеме буйрук сыяктуу эле даярдалат.

 

ҮЛГҮ:

 

«Баластан» билим берүү борбору
№ 27 Т Е С К ЕМ Е
2011-жылдын 23-январы Бишкек ш.
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде
жүргүзүүнү киргизүү жѳнүндѳ

М И Л Д Е Т Т Е Н Д И Р Е М:

1. Борбордун бардык бөлүмдөрүндө, кызматтарында иш кагаздары мамлекеттик
тилде жүргүзүлсүн.
2. Директордун жалпы маселелер боюнча орун басары С. Жайнакова 2011-жылдын 1-мартынан баштап иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча
окутууну уюштурсун.

3. Бардык иш кагаздарынын кыргыз тилиндеги формасы көбөйтүлсүн жана кызматкерлер тарабынан иш учурунда колдонула баштасын.
4. Тескемени аткаруу боюнча көзөмөл директордун орун басары С.Жайнаковага
жүктөлсүн.

Директор А. К. Шаршеева
Юрист Г. Ш. Момбаева
Омуралиева Р.
Кызматкерлер тааныштырылды.