ТИЛ КАТ

Уюм, мекеме же жеке адамдардан бир нерсени алуу фактысын тастыктоочу
документти тил кат дейбиз. Ал колдо же компьютерде бир нускада даярдалып, анда башка бир документти (нускоо, чакыруу, эскертүү), буюм же акчаны (саны цифра менен көрсөтүлүп) алгандыгы жазылган болот. Тил катта оңдоо, өчүрүү, үстүнө кошуп жазуу болбош керек, мындай болгондо берилген кат күчүн жоготот. Тил катты жазган кишинин колун кызмат боюнча жетекчи тастыктай алат. Көрсөтүлгөн маалымат ири сумманы, баалуу буюмду билдирип турса, аны мамлекеттик нотариалдык конторадан тастыктоодон өткөрүү зарыл.