ТОГУЗ КОРГОЛ

ТОГУЗ КОРГОЛ, тогуз кумалак – кыргыздын улуттук оюну. Аны 2 киши ойнойт. Оюн тутум б-ча башталат. Т.к-догу терминдер ар кайсы аймакта ар башкача аталат. Т.к. 2 тарабында 9дан 18 чуңкур үйү (уялары), ортосунда жанаша 2 чоң чарасы (казаны, казынасы) бар тактадан ж-а 162 корголдон (ташы) турат. Ойнолчу коргол катары орточо чоңдуктагы буурчактар, тоголок кесилген табылгы, арча, өрүк жыгачы, кичинекей маш буурчактар, бирдей чоңдуктагы тоголок таштар же болбосо койдун корголу колдонулат. 9 үйдүн (уянын) ар биринин аты бар (солдон оңго карай): 1–куйрук, 2–ат өтпөс (тел үй), 3–жаман үй, 4–текилдек (бүлкүлдөк, бел арты, арткы колтук), 5–бел, 6–далы (бел алды, алдыңкы колтук), 7–эки тишти, 8–көк моюн (кандуу капкан), 9–ооз. Ойнордо ар бир уяга (үйгө) 9дан коргол (таш) салынат. Ар бир оюнчуга 1ден чара (казан, казына), 9 үй (уя) ж-а 81 коргол таан-дык. Атаандаштардын ар кимиси тактанын ортосундагы 2 чаранын ж-а үйлөрдүн өзүнүн оң колу тарабындагы 9ун ээлеп, чарага (казынага) утуп алган корголдорун (таштарын) салат. Тутум б-ча оюнду баштаган атаандаш өзүнүн 9 үйүнүн (уясынын) ичинен өзү каалаган бирөөнүн корголдорун бирин ордуна калтырып, калганын солдон оңго ар бир үйгө (уяга) бирден таштап чыгат. Корголдун санына жараша үйлөр «алым» же «так» деп аталат. 2–3 айланып келгенден кийин акыркы коргол түшкөн каршысынын үйү алым болсо корголдорду (таштарды) алат, так болсо албайт. Эгерде акыркы коргол өзүнүн алым үйүнө түшсө, корголдорду албайт, себеби алар көчүүчү же жүрүүчү корголдор. Алым (ачык) – так же телки сандагы (1, 3, 7, 11, 19, 27, 35) корголдору бар үйлөр (уялар); так (жабык) – корголдору жуп сандуу (2, 4, 6, 10, 14, 20, 32) үйлөр. Жеш (алуу) – акыркы коргол каршысынын алым (ачык) корголдуу үйүнө түшкөндө андагы корголдор толугу м-н алынат. Коргол алуу максатында оюнчу атаандашынын үйлөрүнөн бир «туз» күтүүгө укуктуу. 2 таштуу үйгө акыркы коргол түшкөндө ал «туз» деп жарыяланат, бирок туз жарыялоо оюнчунун өз эрки. 9-үйдөн (ооздон) ж-а атаандашынын тузуна атташ үйдөн туз жарыяланбайт. «Туз» деп жарыяланган үйгө түшкөн корголдун бардыгы туз ээсинин утушу болот. Ошондуктан оюнчулар мерчемдүү жерден (куйрук, ат өтпөс, бел, көк моюн) туз күтүүгө, атаандашына туз бербөөгө аракеттенет. Туздун күчү (орду) оюндун жүрүшүнө, оюнчулардын амал-аракетине чоң таасир тийгизет. Оюнчулар ар бир жүрүшүндө өз үйлөрүн тактап, каршысынын үйлөрүн алымдап кетүүгө же акыркы корголду атаандашынын «алым» үйүнө түшүрүп, андагы корголду өз казынасына алууга аракеттенишет. Оюнчу өз үйлөрүнөн эч кандай шартта коргол албайт. Көп коргол топтолгон үй «бай», ал эми «байды» аргасыздан таратуу «бүктөлүү» деп аталат. «Жыюу» – оюндун акырында өз үйлөрүн-дөгү корголдорду атаандашынын үйлөрүнө өткөрбөй, ооз м-н көк моюнга топтоо. Жыюу максатында топтолгон корголдорду аргасыздан чачтырып утуу «жыгуу» деп аталат. Т.к-дун ар кырдаалын чечмелеген «чубатуу», «ат», «бай ат», «ооз ачуу», «таш жалак», «чымчуу» ж.б. терминдери бар. Орто оюнчулар оюнду 30–40 жүрүштө, мыкты оюнчулар 70–80 жүрүштө аяктайт. Алынган корголдору 81ден ашкан оюнчу утат, корголдун саны барабар болсо – тең чыккан болот. Т.к. оюнчунун эсептөө ж-а логикалык ойлонуу чеберчилигин өнүктүрөт.