ТОКТОГУЛ Сатылганов

ТОКТОГУЛ Сатылганов (1864, Кетментөбө өрөөнү, Сасыкжийде кыштагы – 1933, ошол эле жер) – кыргыз акыны, ойчул, композитор, комузчу. Кедейдин үй-бүлөсүнөн. Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган. Революцияга чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм Кабак жер болду») эмгекчи элди эзүүчүлөрдүн бетин ачып, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген. Ал эл тарабында туруп, алардын таламын талышкан, эзүүчүлөр эмгекчилердин душманы экендигин баса көрсөтүп, алардын кылмышын ашкерелеп ырдаган. Манаптардын жалган жалаасы м-н 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деп өлүм жазасына өкүм чыгарылып, Сибирге 7 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. 1903-ж. сүргүндөн кайтып келген. Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Эңсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт. Т-дун чыгармачылыгында маанилүү орун ээлеп, аны ойчул акын, ырчылар поэзиясынын классиги катары тааныткан чыгармалары – санат, терме ырлары. Өзгөрүл-мө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш ж-дө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. Т. – айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү. Анын ырларынын айрымдары толук, айрымдары үзүндү түрүндө отузга жакыны топтолгон. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес. Соц. идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талыбына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мис., ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат м-н айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар м-н саламдашуу, таанышуу, ал-жай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары. Барпы м-н сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай м-н кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет. Т-дун Совет доорундагы ырлары ж-дө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) ки-йинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым. Бул ырлар текстологиялык, фактологиялык ж. б. ыкмаларда каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы. Т. элдик кенже эпосторду мыкты билген чебер аткаруучу болгон. «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Кедейкан» ж. б. Т. ондогон ырчылар м-н комузчулардын устаты болгон. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул андан таа-лим алган. Т. оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да өчпөс из калтырган талант. Обон күүлөрүн комузда эркин кол ойнотуп, темпин, ыргактын жүрүшүнө карата түрдүү мимикага салып мазмунун жорго сөздөр м-н жамакташтырып ырдап черткен. «Ботой», «Кыз кербез», «Чоң кербез», «Мырза кербен», «Миң кыял», «Тогуз кайрык» ж. б. 60тан ашуун ыр-күү чыгарган. А. Затаевич 18 күүсүн нотага түшүрүп алган. Ал күүлөр 1934-ж. Москвадагы музыка басмасы тарабынан «Кыргызстан аспаптык 250 күүсү жана обондору» деген жыйнакка чыккан. Белгилүү музыка изилдөөчү В. Виноградов акындын музыкалык мурасын изилдеп, 1952-ж. анын «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары», 1961-ж. «Токтогулдун музыкалык мурасы» аттуу китептери жарык көргөн. Кыргыз Респ-да ондогон мектептер м-н филармонияга, өзү туулган районго, көчөлөргө Т-дун ысмы ыйгарылган. Анын жүз жылдыгы (1964), жүз жыйырма беш жылдыгы (1989) белгиленген. 1965-жылдан адабият, искусство ж-а архитектура жаатындагы Кыргыз Респ-нын Токтогул атн. мамл. сыйлыгы берилет. Ал ж-дө адабий, тарыхый, музыкалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бишкек ш-нда эстелиги тургузулган (1976, скульптору Г. Айтиев, арх. А. Исаев), сөөгү коюлган жерге бейит белги (1956–57, Н.И. Ладягин) салынган. Ага арналып ондогон сүрөттөр тартылган.