ТҮШҮНҮК КАТ

Ишке тиешелүү ар кандай окуя, көрүнүш, фактынын себептерин түшүндүрүп
жазып берүү менен байланышкан иш кагазы түшүнүк кат болот. Түшүнүк каттын дагы бир түрү негизги документтин (план, отчёт, долбоор ж.б.) кээ бир жоболорунун мазмунун түшүндүрүп берүү максатында жазылышы мүмкүн.
Ички түшүнүк кат жаран, кызматкер, тийиштүү бөлүм башчысы ж.б. тарабынан
түздөн-түз жетекчиге жазылат. Анда иш же окуу, кызмат тартибинин бузулушу,
анын натыйжасынан иш, тапшырма аткарылбай калган себеби көрсөтүлөт. Далилдер ишенимдүү болуп, тийиштүү документтер кошо тиркелиши керек. Түшүнүк кат кол менен бир эле нускада жазылып жүрөт.
Тышкы түшүнүк кат жогорку инстанцияга төмөнкү инстанциядан берилет
жана алардын ортосундагы ведомстволук, өндүрүштүк, тартиптик, аткаруучулук
мамилеге байланышат. Бул учурда түшүнүк кат уюмдун расмий бланкасында басма түрүндө жазылып берилет.

 

Үлгү:

 

Бишкек шаарынын
№ 76 орто мектебинин
директору
Болот Касымовго
биология мугалими
Гүлбахыт Исакуловадан

Түшүнүк кат

Мен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн (2011-жылдын 27-сентябры) семинар-тренингге катыша албай калдым. Себеби кызым Жылдыз Асированын окуган мектебине шашылыш чакыртышып, ошол жерде кармалып калдым.
Мындай көрүнүш экинчи кайталанбайт, семинардын бардык материалдарын
кесиптештеримден алам жана таанышып чыгам.

01.09.2010 Колу /……………………..