ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР

Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын төрүнөн орун алган. Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн — чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет. Абалтадан айтылын келаткан «өнөрдүн алды — кызыл тил» деген сөз, ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. Чечен сөздөр багытталган жакка карата октой таамай, учкул тизмектеле ыргактуу, ары көркөм, өз сөзүнө өзү жооп бере алгыдай далилдүү, так кесе айтылат. Ак-караны ажырата, терең, жүйөлүү айтылган сөздөн, же жооптон, ошол адамдын бар дарамети таасын көрүнүп калат.

 

Рефератты көчүрүү