ШОРОБАШАТ МАДАНИЯТЫ

ШОРОБАШАТ МАДАНИЯТЫ – б. з. ч. 4–1-к-га таандык археол. эстелик; Өзгөн ш-нан 10 км түштүкбатышта Жазы дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Шоробашат шаар калдыгынын атынан аталган. Жалпы аянты 70 га. Ш.м. үч бөлүктөн турат. Чыгыштан батышка карай уз. 3 км, туурасы 38 м, би-йиктиги 6 м чеп м-н курчалган. Калк жыш жайгашкан турак жайлардан ж-а шаардын борбордук сепилинен турат. 8 км2 аймакта 70ден ашык турак-жай калдыктары, колго ж-а чарыкка кооздолуп жасалган карапа идиштер, колодон ж-а темирден жасалган буюмдардын калдыктары табылган. Ш.м-нын аймагында Ферганада б. з. ч. 3– 1-к-га таандык «Шоробашат» ш. жайгашкан деп божомолдонот. ШОРУКОВ Кожокан (1903, Жетисуу облусу, Каракол уезди, Жолголот айылы – өлгөн жери м-н жылы белгисиз) – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшкөндөрдөн, сов.-партия-лык ишмер. 1916-ж. Караколдо уезд начальнигине малай жүргөн. Аны м-н кошо Москвага барып, андан Перовскиге кеткен. Улуу Октябрь революциясынан кийин Ташкенге келип, тилмеч болуп иштеген. 1922–23-ж. РКП(б)нын Каракол уездшааркомунун катчысы, 1923–26-ж. Москва ш-нда жумушчу факультетинде окуйт. 1926-жылдан Жалалабат, Каракол, Ош кантондук комитеттеринде, Кыргыз обкомунда иштеген. 1929-жылдан Москвада Кыргыз АССРинин туруктуу өкүлү, 1934–37-ж. Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссары, 1929-жылдан Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү. 1937-ж. буржуазиялык улутчул деген жалаа м-н репрессияланып, 1956-ж. толук акталган.