«ЫР САБЫНДАГЫ ӨМҮР» ЧЫГАРМАСЫ ТУУРАЛУУ. КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

20-кылымдын 60-жылдары кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабияттын активдүү таасирин алып, акындар мурдагыдай партияны, колхоз-совхозду, эмгек алдыңкыларын, социалисттик чарбаны курулай мактап жазуудан оолактап, өздөрүнүн ички жандүйнөсүнө бүлүк берген ойлорду, ички сырларын, жазбай коюуга мүмкүн болбогон абалга алып келген дилдеги булкунууларды жазууга катуу киришти. Мына ушул алтымышынчы жылдагы акындардын бул изденүүлөрү сөз өнөрү менен алектенгендерден да, окурмандардан да дүйнөлүк адабиятты гана эмес кыргыз адабиятынын да тарыхына терең үңүлүп кароону талап кылды.