ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун жана башкалардын фундаменталдуу эмгектери ачык мисал боло алат. Эгерде баяндалып жаткан окуялардын чындык даражасы анын жанрына байланыштуу болсо, анда, адистердин пикири боюнча андагы «историзмдин» көбүрөөк бөлүгүн элдин тарыхый илим-билимин өзүндө сактап келген эпикалык жанрлар — мифтер, жомоктор, уламыштар түзөт. XX к. баш чендеринде тарыхчы В. А. Вагин бүгүнкү хакастардын келип чыгышы жана алардын эне-сайлык кыргыздар менен этногенетикалык байланыштары жөнүндө жергиликтүү край таануучулар менен болгон пикир келишпестиктеринде тарыхый фольклордун маалыматтарына таянууга мажбур болгон.

 

Рефератты көчүрүү