«ЭР СОЛТОНОЙ» тууралуу

«Эр Солтоной» эпосун айтуучулардын бири Сүйөркул Абдырахманов болуп саналат. Сүйөркул 1898-жылы кедей дыйкан үй-бүлөсүндө, азыркы Талас областында Талас районундагы Манас айлында туулган. Сүйөркулдун атасы Абдырахман элдик жомокторго бай, сөзгө уста киши болгон. Жергиликтүү элдин жана жомокторго бай, сөзгө уста киши болгон. Жергиликтүү элдин жана Сүйөркулдун айтканына караганда «Эр Солтоной» эпосун ал киши кыштын узун түндөрүндө от жээгинде отуруп бир нече түнгө созуп айткан. Бул жомокко кумарлангандар атайы алыстан ат менен келип коно жатып угуп турушкан. Адатте Абдырахман эпосту эл кыдырып айткан эмес.

 

Рефератты көчүрүү